КЫЗЫЛГАТ
КЫЗЫЛГАТ , к ы з ы л б ү л д ү р к ө н (Rubus saxatilis) – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп. Сабагы көбүнчө тикенектүү, бийикт. 30 смдей, жалбырагы үч ача, түктүү, гүлү ак. Мөмөсү сыңар же топтошуп (2–6 кызыл мөмө) чыгат. Евразиянын көлөкөлүү токойлорунда, бадал арасында өсөт. Кырг-нда кездешет. Мөмөсү жегиликтүү келип, андан кыям, пастила, суусундук даярдалат.