КЫЗЫЛГАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛГАТ , к ы з ы л б ү л д ү р к ө н (Rubus saxatilis) – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп. Сабагы көбүнчө тикенектүү, бийиктиги 30 смдей, жалбырагы үч ача, түктүү, гүлү ак. Мөмөсү сыңар же топтошуп (2–6 кызыл мөмө) чыгат. Евразиянын көлөкөлүү токойлорунда, бадал арасында өсөт. Кыргызстанда кездешет. Мөмөсү жегиликтүү келип, андан кыям, пастила, суусундук даярдалат.