КЫДЫРНАЗАРОВ
КЫДЫРНАЗАРОВ Асанбек (1930, азыркы Нарын обл., Нарын р-ну, Ак-Булуң айылы – 1994, Бишкек) – комузчу, режиссёр, драма артисти, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1977 ). Нарын а. ч. техникумун (1947), Москв адагы А . Л уначарс ки й атн. театр ин-тун (1957) бүт-

көн. 1950–52-ж. Нарын р-ндук мад-т үйүндө жетекчи, 1958–63-ж. Нарын муз. драма театрында режиссёр болуп иштеп, «Куйручук» (М. Рыскулов, А. Көбөгөнов), «Комуздун тагдыры» (Р. Шүкүрбеков), «Эч кимге айтпа» (Т. Абдумомунов), «Гүлнара» (Н. Жүндүбаева), «Саринжи-Бөкөй» (К. Эшмамбетов) ж. б. пьесаларды койгон. 1963–91-ж. Кыргыз мамл. драма театрында ар кандай тагдырдагы, мүнөздөгү, түрдүү курактагы образдарды жараткан: Токтогул, Байтерек, Садыркул (Т. Абдумомунов, «Сүйүү жана Үмүт»,«Каркыралар кайтканда», «Атабектин кызы»), Азат Султанович (М. Байжиев, «Ар бир үйдө

майрам»), Вожак (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Бакай (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей») ж. б. К. залкар комузчу да болгон. Ал Карамолдонун «Сынган бугу», «Насыйкат», Абактын «Кара кашка аргымак» ж. б. күүлөрүн ийине жеткире черткен. Өзү «Кыргыз көчү», «Бешик», «Калмак ашуу», «Тилек», «Саамал», «Запкы», «Көк бөрү», «Бир кайрык», «Өксүү» ж. б. кара күүлөрдү чыгарган, а. и. «Кыргыз көчү» оригиналдуулугу м-н комуз күүлөрүнүн классикасына айланды. КРдин коомдук телерадио берүү корпорациясынын алтын казынасына 20дай күүсү жазылып алынган, айрымдары эл аспаптар, симф. оркестрлерге салынган.
Б. Алагушов.