КЫДЫРНАЗАРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫДЫРНАЗАРОВ Асанбек (1930, азыркы На­рын облусу, Нарын району, Ак-Булуң айылы – 1994, Бишкек) – комузчу, режиссёр, драма артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1977). Нарын айыл чарба техникумун (1947), Моск­вадагы А . Луначарский атындагы театр институтун (1957) бүткөн.

1950–1952-жылдары Нарын райондук маданият үйүндө жетекчи, 1958–1963-жылдары Нарын музыкалык драма театрында режиссёр бо­луп иштеп, «Куйручук» (М. Рыскулов, А. Көбөгө­нов), «Комуздун тагдыры» (Р. Шүкүрбеков), «Эч кимге айтпа» (Т. Абдумомунов), «Гүлнара» (Н. Жүндүбаева), «Саринжи-Бөкөй» (К. Эшмамбетов) жана башка пьесаларды койгон. 1963–1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик драма театрында ар кандай тагдырдагы, мүнөздөгү, түрдүү курактагы образдарды жараткан: Токтогул, Байтерек, Са­дыркул (Т. Абдумомунов, «Сүйүү жана Үмүт»,«Каркыралар кайтканда», «Атабектин кызы»), Азат Султанович (М. Байжиев, «Ар бир үйдө майрам»), Вожак (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Бакай (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей») жана башкалар.

А. Кыдырназаров – Азат Султанович, Т. Турсунбаева – Мадина. М. Байжиев. «Ар бир үйдө майрам» спектаклинен көрүнүш. 1976.

А. Кыдырназаров залкар комузчу да болгон. Ал Карамолдонун «Сынган бугу», «На­сыйкат», Абактын «Кара кашка аргымак» жана башка күүлөрүн ийине жеткире черткен. Өзү «Кыргыз көчү», «Бешик», «Калмак ашуу», «Тилек», «Саа­мал», «Запкы», «Көк бөрү», «Бир кайрык», «Өксүү» жана башка кара күүлөрдү чыгарган, анын ичинде «Кыргыз көчү» оригиналдуулугу менен комуз күүлөрүнүн классикасына айланды. Кыргыз Республикасынын коомдук теле­радио берүү корпорациясынын алтын казына­сына 20дай күүсү жазылып алынган, айрымда­ры эл аспаптар, симфониялык оркестрлерге салынган.

Б. Алагушов.