КОМПОЗИТ МАТЕРИАЛЫ
КОМПОЗИ́Т МАТЕРИАЛЫ (composit) – өзүнүн касиетин жана курамын өзгөртпөгөн, эки же бир нече компоненттерден турган материал. Эритмелерден айырмаланып, композит материалдары майда бөлүкчөлөрдүн кошундусунан туруп, бир түрдөгү катуу материалды түзөт. Композит материалдарынын касиети компоненттердин касиеттерине жараша болот. Бирок алардын кээ бири бузулууларга карата болгон туруктуулугу жана илээшкектүүлүгү менен өзгөчө сапатка ээ. Алгачкы композит материалдары – самандан жасалган кыш байыркы Египетте даярдалган. Катуулугун жогорулатуу жана бири-бирин байланыштыруу үчүн саман кошулган. Азыркы темир-бетондун бышыктыгын ичке темир же болот арматуралар жогорулатат. Цементтин бекемдигин жогорулатуу үчүн була кошулат. Мурда мындай максатта асбест (кебез таш) буласы колдонулса, азыр айнектүү полимердүү жана накта була колдонулат. Көп катмарлуу материалдар да композит материалдарына кирет. 1980-жылдары металл – матрицалык композит материалдары пайда болгон жана керамика булалар, мисалы, алюминий оксиди жана кремний карбиди жеңил металл кошундуларынын бекемдигин жогорулатат. Мындай материалдардын сапаты жогорку температурада өзүнүн касиетин сактоочу керамика булаларга байланыштуу.