КОМПОЗИТ МАТЕРИАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПОЗИ́Т МАТЕРИАЛЫ (composit) – өзүнүн касиетин жана курамын өзгөртпөгөн, эки же бир нече компоненттерден турган материал. Эрит­мелерден айырмаланып, композит материалдары майда бөлүкчө­лөрдүн кошундусунан туруп, бир түрдөгү катуу материалды түзөт. Композит материалдарынын касиети компо­ненттердин касиеттерине жараша болот. Бирок алардын кээ бири бузулууларга карата болгон туруктуулугу ж-а илээшкектүүлүгү м-н өзгөчө сапатка ээ. Алгачкы композит материалдары – самандан жасал­ган кыш байыркы Египетте даярдалган. Катуу­лугун жогорулатуу ж-а бири-бирин байланыш­тыруу үчүн саман кошулган. Азыркы темир-бе­тондун бышыктыгын ичке темир же болот ар­матуралар жогорулатат. Цементтин бекемдигин жогорулатуу үчүн була кошулат. Мурда мын­дай максатта асбест (кебез таш) буласы колдо­нулса, азыр айнектүү, полимердүү ж-а накта була колдонулат. Көп катмарлуу материалдар да композит материалдарына кирет. 1980-жылдары металл – матри­цалык композит материалдары пайда болгон ж-а керамика булалар, мисалы, алюминий оксиди ж-а кремний карбиди жеңил металл кошундуларынын бекемдигин жогорулатат. Мындай материалдардын сапаты жогорку температурада өзүнүн касиетин сактоочу ке­рамика булаларга байланыштуу.