КЕКИЛИК-УЧАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕКИЛИК-УЧАР – Базар-Коргон районундагы суу, Кара-Үңкүрдүн сол куймасы. Фергана тоо тиз­мегинин түштүк-батыш капталындагы булактар­дан башталат. Узундугу 39 км (Шаркыратманы кош­кондо). Алабынын аянты 198 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1200 м. Жогорку агымы Шаркы­ратма деп аталат. Жапыз тоо ж-а адырларды аралап агат. Суу тартылган мезгилде кээде соо­луп да калат. Жылдык орточо чыгымы 0,67 м3/сек. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак суула­рынан куралат. Сугатка пайдалангандыктан, Тентек-Сайга (Кара-Үңкүргө) жетпейт. Жээгинде Кара-Жыгач кыштагы жайгашкан.