КЕКИЛИК-УЧАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕКИЛИК-УЧАР – Базар-Коргон районундагы суу, Кара-Үңкүрдүн сол куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы булактардан башталат. Узундугу 39 км (Шаркыратманы кошкондо). Алабынын аянты 198 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1200 м. Жогорку агымы Шаркыратма деп аталат. Жапыз тоо ж-а адырларды аралап агат. Суу тартылган мезгилде кээде соолуп да калат. Жылдык орточо чыгымы 0,67 м3/сек. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайдалангандыктан, Тентек-Сайга (Кара-Үңкүргө) жетпейт. Жээгинде Кара-Жыгач кыштагы жайгашкан.