КИТЕПКАНА ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕПКАНА ТААНУУ – коомчулук тарабы­нан китептерди пайдалануунун максатын, прин­циптерин, мазмунун, системасын жана формала­рын изилдөөчү илим тармагы. Анын негизги бө­лүмдөрү: жалпы китепкана таануу (китептерди коомдук пай­далануу ишин уюштуруу маселелерин карайт); китепкана фонду; китепкана каталогу; окур­мандар менен иштөө, китепкана ишин уюштуруу; китепкана ишинин тарыхы. Китепкана таануунун негизги милдети – китепкана ишинин өнүгүү мыйзам ченемин изилдөө.