КИТЕПКАНА ТААНУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИТЕПКАНА ТААНУУ – коомчулук тарабынан китептерди пайдалануунун максатын, принциптерин, мазмунун, системасын жана формаларын изилдөөчү илим тармагы. Анын негизги бөлүмдөрү: жалпы китепкана таануу (китептерди коомдук пайдалануу ишин уюштуруу маселелерин карайт); китепкана фонду; китепкана каталогу; окурмандар менен иштөө, китепкана ишин уюштуруу; китепкана ишинин тарыхы. Китепкана таануунун негизги милдети – китепкана ишинин өнүгүү мыйзам ченемин изилдөө.