КЕБЕК БИЙ
КЕБЕК БИЙ Эсиркемиш уулу (т. ж. б. – 18-кылымдын 2-жарымы, Чүй өрөөнү) – солтонун бөлөкбай уруусунун бийи; кыргыз-казак мамилелери боюнча саясий ишмерлердин бири (к. Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары, Жайыл кыргыны). Калыс, сөзгө чебер болгондуктан, 1850- жылдары кыргыздардын курултайын уюштурууга ж-а аларды калмактан бошой баштаган мурунку конуштарына көчүрүүдө жигердүү роль ойногон (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши). 18-кылымдын 2-жарымында конуш маселеси боюнча Эсенкул баатыр жүргүзгөн саясатты колдоп, кыргыз-казак мамилелеринин татаалданышына байланыштуу кыргыздардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Түлөберди м-н бирге саяк, талкан ж. б. урууларынын бийлери Садыр, Жайыл, Момоконду биримдикке чакырган. Кээ бир маалыматтарда Абылай хан кыргыздарга салык салып сынаганда, кыргыздардын атынан аны Кебек бий төлөп берген деп айтылат.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.