КЕБЕК БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕБЕК БИЙ Эсиркемиш уулу (туулган жылы белгисиз – 18-кылым­дын 2-жарымы, Чүй өрөөнү) – солтонун ичиндеги бөлөкбай уруусунун бийи; кыргыз-казак мамиле­лери боюнча саясий ишмерлердин бири (кара: Абылай хандын кыргыздарга каршы жортуулдары, Жайыл кыр­гыны). Калыс, сөзгө чебер болгондуктан, 1850- жылдары кыргыздардын курултайын уюшту­рууга жана аларды калмактан бошой баштаган мурунку конуштарына көчүрүүдө жигердүү роль ойногон (кара: Кыргыздардын Чүйгө келиши). 18-кылымдын 2-жарымында конуш маселеси боюнча Эсен­кул баатыр жүргүзгөн саясатты колдоп, кыр­гыз-казак мамилелеринин татаалданышына бай­ланыштуу кыргыздардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Түлөберди менен бирге саяк, талкан ж. б. урууларынын бийлери Садыр, Жайыл, Мо­моконду биримдикке чакырган. Кээ бир маалы­маттарда Абылай хан кыргыздарга салык са­лып сынаганда, кыргыздардын атынан аны Кебек бий төлөп берген деп айтылат.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.