КВАРЦ
КВАРЦ – тоо тек пайда кылуучу эң кеңири таралган минерал.

Химиялык формуласы SiO2. Гексагон ж-а тригон системасында кристаллданат.
Өңү-түсү ар түрдүү. Көбүнчө түссүз, тунук, ак, сүттөй ак, боз, бозомук каралжын, кызгылтым ж. б. Түссүз тунук түрү – тоо хрусталы, кызгылтым көгүшү – аметист, тунук эмес бозомтугу – раухтопаз, каралжын түстүүсү – морион, алтын сыяктанган саргычы цитрин деп аталат. Курамында киринди түрдө актинолит же хлорит кездешсе, жашыл түскө өтүп кетет. Аны празем, слюда же гематит болсо – авантюрин, кристаллсыз түзүлүштөгү түрлөрү – агат же халцедон деп аталат. Бардыгы айнектей жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 7. Салыштырма салмагы 2,65. Гидротерм процессинде кенташ тарамдарын пайда кылат. Радиотехника, акустика, оптикада, карапа м-н айнек жасоодо, кооз таш катары зергерликте, курулушта колдонулат.