КВАРЦ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАРЦ – тоо тек пайда кылуучу эң кеңири та­ралган минерал.

Химиялык формуласы SiO2. Гекса­гон ж-а тригон системасында кристаллданат.
Өңү-түсү ар түрдүү. Көбүнчө түссүз, тунук, ак, сүттөй ак, боз, бо­зомук каралжын, кызгылтым ж. б. Түссүз тунук тү­рү – тоо хруста­лы, кызгылтым көгүшү – аметист, тунук эмес бозом­тугу – раухтопаз, каралжын түстүү­сү – морион, алтын сыяктанган саргычы цит­рин деп аталат. Курамында киринди түрдө ак­тинолит же хлорит кездешсе, жашыл түскө өтүп кетет. Аны празем, слюда же гематит болсо – авантюрин, кристаллсыз түзүлүштөгү түрлөрү – агат же халцедон деп аталат. Бардыгы айнек­тей жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 7. Салыштырма салмагы 2,65. Гидротерм процессинде кенташ та­рамдарын пайда кылат. Радиотехника, акусти­ка, оптикада, карапа м-н айнек жасоодо, кооз таш катары зергерликте, курулушта колдонулат.