КОММЕНТАРИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММЕНТА́РИЙ – 1) кандайдыр бир текстке берилген түшүндүрмө; 2) бир нерсенин жөнүн чечмелеп түшүндүрүү, тактоо, аныктоо иретин­деги сын пикирлер, кошумча айтылган ойлор; 3) адабий текстти, мурастарды филологиялык багытта изилдеп-иликтөөнүн түрү. Комментарий чыгарма­лар жыйнагында, мемуардык эмгектерде, ата­йын илимий басылмаларда жана башка учурларда пайдаланылат. Анда тиги же бул чыгарманын жазылыш жана басылыш тарыхынан кабар берилет, ал жөнүндө жазылган ар түркүн эмгектер (макала, рецен­зия, пикир ж. б.) мүнөздөлөт, лингвистикалык, текстологиялык тактоолор жүргүзүлөт. Комментарий мазмуну боюча текстологиялык, тарыхый-адабий, биографиялык, лингвистикалык болуп бөлүнөт. Булардын ар бири өзүнө гана тиешелүү маселе­лерди комментарийлейт.