КОММЕНТАРИЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОММЕНТА́РИЙ – 1) кандайдыр бир текстке берилген түшүндүрмө; 2) бир нерсенин жөнүн чечмелеп түшүндүрүү, тактоо, аныктоо иретиндеги сын пикирлер, кошумча айтылган ойлор; 3) адабий текстти, мурастарды филологиялык багытта изилдеп-иликтөөнүн түрү. Комментарий чыгармалар жыйнагында, мемуардык эмгектерде, атайын илимий басылмаларда жана башка учурларда пайдаланылат. Анда тиги же бул чыгарманын жазылыш жана басылыш тарыхынан кабар берилет, ал жөнүндө жазылган ар түркүн эмгектер (макала, рецензия, пикир ж. б.) мүнөздөлөт, лингвистикалык, текстологиялык тактоолор жүргүзүлөт. Комментарий мазмуну боюча текстологиялык, тарыхый-адабий, биографиялык, лингвистикалык болуп бөлүнөт. Булардын ар бири өзүнө гана тиешелүү маселелерди комментарийлейт.