КВАНТТЫК СААТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:33, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТТЫК СААТ , а т о м с а а т ы – убакыт­ты эсептөөчү түзүлүш; анда жыштыгы квант­тык стандарт м-н башкарылуучу кварц генера­тору бар. Мында маятниктин милдетин атом аткарат. Анын жүрүшүн атомдордун бир энер­гиялык абалдан экинчи абалга өтүүдөгү нур­лануу жыштыгы жөнгө салат. Бул жыштык өтө турактуу (каталыгы 1011– 1013) болгондуктан, кванттык саат убакытты астрономиялык ыкмадан да так өлчөөгө мүмкүндүк берет. Кванттык саат жыштыктын кванттык стандарттарынын жардамы м-н текшерилет. Биринчи кванттык саат 1955-жылы АКШда жасалган. Азыр­кы кванттык саатта кээде цезийлүү репер колдонулат. Ки­йинки мезгилде рубидийлүү кванттык саат кеңири та­раган. Ал кварц саатына салыштырганда өтө так болгондуктан, радионавигация система­ларында, астрономиялык обсерваторияларда, илимий изилдөө­лөрдө, текшерүү, ченөө лабораторияларында ж. б. кол­донулат.