КВАНТТЫК СААТ
КВАНТТЫК СААТ , а т о м с а а т ы – убакытты эсептөөчү түзүлүш; анда жыштыгы кванттык стандарт м-н башкарылуучу кварц генератору бар. Мында маятниктин милдетин атом аткарат. Анын жүрүшүн атомдордун бир энергиялык абалдан экинчи абалга өтүүдөгү нурлануу жыштыгы жөнгө салат. Бул жыштык өтө турактуу (каталыгы 10–11– 10–13) болгондуктан, кванттык саат убакытты астрономиялык ыкмадан да так өлчөөгө мүмкүндүк берет. Кванттык саат жыштыктын кванттык стандарттарынын жардамы м-н текшерилет. Биринчи кванттык саат 1955-жылы АКШда жасалган. Азыркы кванттык саатта кээде цезийлүү репер колдонулат. Кийинки мезгилде рубидийлүү кванттык саат кеңири тараган. Ал кварц саатына салыштырганда өтө так болгондуктан, радионавигация системаларында, астрономиялык обсерваторияларда, илимий изилдөөлөрдө, текшерүү, ченөө лабораторияларында ж. б. колдонулат.