КОНВЕРГЕНЦИЯ 1
КОНВЕРГЕ́НЦИЯ (лат. convergo – жакындашуу, окшошуу) т и л и л и м и н д е – тилдин тарыхый өнүгүшүндө кээ бир тыбыштардын ж-а ар башка тектеги тилдердин окшошуп калышы. Мис., фонетикада К-га орус тилиндеги «ять» ж-а «е»; кыргыз тилиндеги «к», «кь» ж-а «г», «гь» тыбыштарынын окшоштугу. К-нын эки аспектиси бар: 1) глоттогоникалык К.; 2) структуралык-диахрониялык К. Глоттогоникалык К. – бир нече тектеш же тектеш эмес тилдердин мезгилдүү, ургаалдуу байланыштарынын негизинде структуралык окшош, жалпы белгилердин пайда болушу. Ага бир эле тилдеги бир нече диалектилердин биригиши, жалпы тилди (койнэ) түзүшү да кирет. Структуралык-диахрониялык К. – тилдеги варианттык же инварианттык ар түрдүүлүктү, айырманы азайтуучу тарыхый процесс. Мис., индевропа тилдериндеги эки же андан көп а, о, е фонемаларынын инд-ирандык а формасына окшошуп дал келиши. Структуралык-диахрониялык К-нын булагы тилдик бирдиктердин позициялык шарттуу кырдаалынын өзгөртүлүп таралышы болуп саналат. Мындай аспектидеги К-ны диахрониялык фонология теориясында Е. Д. Поливанов 1928-ж. иштеп чыккан. Бул маселе Р. О. Якобсон тарабынан да 1930-ж. башкача терминдик аталышта иштелген. Фонол. К-нын негизин айрым фонемалык айырмалардын дефонологизацияланышы түзөт, б. а. фонемалык ар түрдүүлүктүн азайышынан пайда болот. К. граммат. системада да байкалат ж-а о. эле механизмге ээ. Мис., аналогия б-ча вариациялоо, граммат. формалардагы омонимияны жоюу ж. б. Мында граммат. жактан окшошуу же жакындашуу процесси жүрөт. К-нын антоними – дивергенция.