КОНВЕРГЕНЦИЯ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНВЕРГЕ́НЦИЯ (лат. convergo – жакындашуу, окшошуу) т и л и л и м и н д е – тилдин тары­хый өнүгүшүндө кээ бир тыбыштардын ж-а ар башка тектеги тилдердин окшошуп калышы. Мис., фонетикада К-га орус тилиндеги «ять» ж-а «е»; кыргыз тилиндеги «к», «кь» ж-а «г», «гь» тыбыштарынын окшоштугу. К-нын эки ас­пектиси бар: 1) глоттогоникалык К.; 2) струк­туралык-диахрониялык К. Глоттогоникалык К. – бир нече тектеш же тектеш эмес тилдердин мезгилдүү, ургаалдуу байланыштарынын неги­зинде структуралык окшош, жалпы белгилер­дин пайда болушу. Ага бир эле тилдеги бир нече диалектилердин биригиши, жалпы тилди (кой­нэ) түзүшү да кирет. Структуралык-диахрония­лык К. – тилдеги варианттык же инвариант­тык ар түрдүүлүктү, айырманы азайтуучу тары­хый процесс. Мис., индевропа тилдериндеги эки же андан көп а, о, е фонемаларынын инд-иран­дык а формасына окшошуп дал келиши. Струк­туралык-диахрониялык К-нын булагы тилдик бирдиктердин позициялык шарттуу кырдаалы­нын өзгөртүлүп таралышы болуп саналат. Мын­дай аспектидеги К-ны диахрониялык фоноло­гия теориясында Е. Д. Поливанов 1928-ж. иш­теп чыккан. Бул маселе Р. О. Якобсон тарабы­нан да 1930-ж. башкача терминдик аталышта иштелген. Фонол. К-нын негизин айрым фо­немалык айырмалардын дефонологизацияла­нышы түзөт, б. а. фонемалык ар түрдүүлүктүн азайышынан пайда болот. К. граммат. систе­мада да байкалат ж-а о. эле механизмге ээ. Мис., аналогия б-ча вариациялоо, граммат. фор­малардагы омонимияны жоюу ж. б. Мында граммат. жактан окшошуу же жакындашуу процесси жүрөт. К-нын антоними – диверген­ция.