КОМУЗЧУЛАР АНСАМБЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМУЗЧУЛАР АНСАМБЛИ – муз. коллектив; Кыргыз улуттук филармониясынын эл аспап­тар оркестринин комуз күүлөрүн аткаруучу ча­кан тобу. Алгачкы К. а-н М. Күрөңкөев 1922-ж. Каракол ш-нда, 1933-ж. К. Орозов уюштурат. Кыргыз комузчуларынын туңгуч респ. кароосу­на (1936) Ысык-Көл р-нунун К. а. катышкан. 1938-ж. А. Огомбаев Фрунзеде 3 кишиден (А. Огомбаев, Б. Кулболдиев, С. Айманбетов) турган К. а-н уюштурган. Кийинчерээк ансамбл­дин катышуучуларынын катарын К. Молдоба­санов, Т. Карымшаков, Ш. Шеркулов, С. Меде­тов, А. Эшмамбетов өңдүү чебер аткаруучулар толуктаган. Ансамблде кол ойнотуу, маштап ат­каруу ыкмалары м-н айтым күүлөр чертилген. Ансамблдин аткаруучулук чеберчилиги кыргыз иск-восунун Москва ш-нда өткөн (1939) он күн­дүгүндө жогору бааланган. К. а. О. Азия респ­ларынын ж-а Казакстандын муз. он күндүк­төрүнө (1942-ж. Фрунзе; 1944-ж. Ташкент) ка­тышкан. Ансамблдин репертуарында Атайдын «Кыз кербез», «Ак тамак, Көк тамак», Айдараа­лынын «Көйрөң күү», Токтогулдун «Чайкама»,

Комузчулар ансамбли. 1980-жылдар.

«Чоң кербез», Ниязаалынын «Кара өзгөй», Ка­рамолдонун «Жаш кербез» ж. б. күүлөр болгон. Атайдын «Маш ботой», Токтогулдун «Келген­деги кербезим» өңдүү күүлөрүн оркестрдин кош­тоосу м-н да аткарган. К. а. Москвада (1957), Софияда (1968) өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар м-н студенттердин фестивалдарынын лауреаты, 1958-ж. Кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Москва­да өткөн он күндүгүндө жогорку баага татыган. 1970–80-жылдары ансамблди Ч. Исабаев же­тектеген. Ансамбль Франция, Канада, Япо­ния, Сирия, Финляндия, Моңголия, АКШ, Түр­кия ж. б. чет өлкөлөрдө ж-а Кыргыз эл аспап­тар оркестри м-н бирге КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүк шаарларында гастролдо болгон. К. а­нин салтын улантуу максатында 1998-ж. М. Абд­раев атн. Респ. муз. мектеп-интернаттын алдын­да «Акак» К. а. түзүлгөн (негиздөөчүсү И. Суер­кулова, көркөм жетекчиси К. Жекшенов). Ре­пертуарында: «Ибарат» (К. Орозов), «Ак тамак, Көк тамак», «Маш ботой», «Маш Камбаркан»


«Акак» комузчулар ансамбли Н. Борошевдун «Кара өзгөй» күүсүн аткарууда. 2012.

(А. Огомбаев), «Жеңиш күүсү» (Ы. Туманов), «Кара өзгөй», «Кер толгоо» (Н. Борошев) ж. б. Ансамбль көптөгөн респ. кароо сынактарга, эл аралык конкурстарга ж-а фестивалдарга каты­шып, байгелүү орундарга ээ болгон. К. а. Т. Са­тылганов атн. Кыргыз улуттук филармониясы­нын К. Орозов атн. эл аспаптар оркестринин коштоосунда ж-а А. Жумакматов атн. акад. симф. оркестринин коштоосунда Ала-Тоо аян­тында өткөрүлүүчү мамл. деңгээлдеги иш-чара­ларга катышып турат. «Акак» К. а. чет өлкөлөр­дө – АКШ, Дания, Польша, Россия, Түркия, Франция, Швеция ж-а Борб. Азия мамлекетте­ринде кыргыз күүлөрүн даңазалоодо.