КОМУЗЧУЛАР АНСАМБЛИ
КОМУЗЧУЛАР АНСАМБЛИ – музыкалык коллектив; Кыргыз улуттук филармониясынын эл аспаптар оркестринин комуз күүлөрүн аткаруучу чакан тобу. Алгачкы комузчулар. ансамблин М. Күрөңкөев 1922-жылы Каракол шаарында, 1933-жылы К. Орозов уюштурат. Кыргыз комузчуларынын туңгуч республикалык кароосуна (1936) Ысык-Көл районунун комузчулар. ансамбли катышкан. 1938-жылы А. Огомбаев Фрунзеде 3 кишиден (А. Огомбаев, Б. Кулболдиев, С. Айманбетов) турган комузчулар. ансамблин уюштурган. Кийинчерээк ансамблдин катышуучуларынын катарын К. Молдобасанов, Т. Карымшаков, Ш. Шеркулов, С. Медетов, А. Эшмамбетов өңдүү чебер аткаруучулар толуктаган. Ансамблде кол ойнотуу, маштап аткаруу ыкмалары менен айтым күүлөр чертилген. Ансамблдин аткаруучулук чеберчилиги кыргыз искусствосунун Москва шаарында өткөн (1939) он күндүгүндө жогору бааланган. Комузчулар. ансамбли. Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын музыкалык он күндүктөрүнө (1942-жылы Фрунзе; 1944-жылы Ташкент) катышкан. Ансамблдин репертуарында Атайдын «Кыз кербез», «Ак тамак, Көк тамак», Айдараалынын «Көйрөң күү», Токтогулдун «Чайкама», «Чоң кербез», Ниязаалынын «Кара өзгөй», Карамолдонун «Жаш кербез» жана башка күүлөр болгон.

Атайдын «Маш ботой», Токтогулдун «Келгендеги кербезим» өңдүү күүлөрүн оркестрдин коштоосу менен да аткарган. Комузчулар. ансамбли Москвада (1957), Софияда (1968) өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалдарынын лауреаты, 1958-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүндө жогорку баага татыган. 1970–1980-жылдары ансамблди Ч. Исабаев жетектеген. Ансамбль Франция, Канада, Жапония, Сирия, Финляндия, Моңголия, Америка Кошмо Штаттары, Түркия жана башка чет өлкөлөрдө жана Кыргыз эл аспаптар оркестри менен бирге Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн көпчүлүк шаарларында гастролдо болгон. Комузчулар. ансамблинин салтын улантуу максатында 1998-жылы М. Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернаттын алдында «Акак» комузчулар. ансамбли түзүлгөн (негиздөөчүсү И. Суеркулова, көркөм жетекчиси К. Жекшенов). Репертуарында: «Ибарат» (К. Орозов), «Ак тамак, Көк тамак», «Маш ботой», «Маш Камбаркан» (А. Огомбаев), «Жеңиш күүсү» (Ы. Туманов), «Кара өзгөй», «Кер толгоо» (Н. Борошев) жана башкалар.

Ансамбль көптөгөн республикалык кароо сынактарга, эл аралык конкурстарга жана фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Комузчулар. ансамбли Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда жана А. Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестринин коштоосунда Ала-Тоо аянтында өткөрүлүүчү мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга катышып турат. «Акак» комузчулар ансамбли чет өлкөлөрдө – Америка Кошмо Штаттары, Дания, Польша, Россия, Түркия, Франция, Швеция жана Борбордук Азия мамлекеттеринде кыргыз күүлөрүн даңазалоодо.