КОМПОЗИТ МАТЕРИАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПОЗИ́Т МАТЕРИАЛЫ (composit) – өзүнүн касиетин ж-а курамын өзгөртпөгөн, эки же бир нече компоненттерден турган материал. Эрит­мелерден айырмаланып, К. м. майда бөлүкчө­лөрдүн кошундусунан туруп, бир түрдөгү катуу материалды түзөт. К. м-нын касиети компо­ненттердин касиеттерине жараша болот. Бирок, алардын кээ бири бузулууларга карата болгон туруктуулугу ж-а илээшкектүүлүгү м-н өзгөчө сапатка ээ. Алгачкы К. м. – самандан жасал­ган кыш, байыркы Египетте даярдалган. Катуу­лугун жогорулатуу ж-а бири бирин байланыш­тыруу үчүн саман кошулган. Азыркы темир-бе­тондун бышыктыгын ичке темир же болот ар­матуралар жогорулатат. Цементтин бекемдигин жогорулатуу үчүн була кошулат. Мурда мын­дай максатта асбест (кебез таш) буласы колдо­нулса, азыр айнектүү полимердүү ж-а накта була колдонулат. Көп катмарлуу материалдар да К. м-на кирет. 1980-жылдары металл – матри­цалык К. м. пайда болгон ж-а керамика булалар, мис., алюминий оксиди ж-а кремний карбиди жеңил металл кошундуларынын бекемдигин жогорулатат. Мындай материалдардын сапаты жогорку темп-рада өзүнүн касиетин сактоочу ке­рамика булаларга байланыштуу.