КОМИ
КО́МИ , К о м и Р е с п у б л и к а с ы Россиянын Европа бөлүгүнүн түн.-чыгышында жайгашкан. Аянты 416, 8 миң км2. Калкы 968,2 миң (2008).
Адм.-айм. жактан 12 районго, 10 шаарга, 29 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Сыктывкар ш.
Калкынын негизин орустар (57,7%), комилер (23,3), украиндер түзөт; о. эле башка улут
өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 2,7 киши туура келет. Динге ишенгендердин көпчүлүгү православныйлар, протестанттар да бар. Шаар калкы 75,3%. Ири шаарлары: Воркута, Ухта, Печора, Усинск, Сосногорск, Инта. Республика Түн.-Батыш федерация округуна кирет. Мамл. бийлигинин органдар системасы Россиянын ж-а К. Респ-нын конституциясы тарабынан аныкталат.
Экол. абалы калк аз жайгашкан түш.-чыгышында ж-а түн.-батышында канааттандырарлык, ал эми нефть ж-а газ казылып алынган аймактарында курч абалда. Тайгада (бугу жа-

йытынын негизинде) деградацияга учураган жерлер кездешет. Жылына атм-га 790 миң т уулуу заттар чыгарылат. Коргоого алынган табигый аймактар системасы (аянты респ-нын аймагынын 14,6%ин түзөт) Европадагы эң ири Печора-
Илыч коругу ж-а мамл. улуттук парк – Югыд
Ваганын карамагына киргизилип, Коминин кол тийбеген токойлору деген жалпы ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган. Респнын аймагынын көпчүлүк бөлүгү түзөң. Аймагынан Тиман токол тоосу ж-а Уралдын түн. бөлүгү (эң бийик жери 1895 м) орун алган. Алардын аралыгында Печора түздүгү жайгашкан.
Жылдык орт. темп-расы 0–1°С, эң түн.-чыгышында –4°Сден –6°Сге чейин. Кышы узак, суук;
жайы кыска, салыштырмалуу жылуу. Январдын орт. темп-расы –17°С, июлдуку 11–15°С. Жылдык жаан-чачыны 700–1500 мм. Түндүгүндө
ж-а түн.-чыгышында түбөлүк тоң жатат. Аймагы өтө нымдуу болгондуктан, саздуу келип, дарыя тармактары жыш. Алар Баренц, Каспий ж-а Кара (Карск) деңиздеринин алаптарына кирет. Ири дарыялары: Печора, Вычегда, Мезень. Көптөгөн көлдөрү бар; эң ирилери: Ямозё- ра (аянты 31,1 км2), Синдорский (28,5 км2). Печора д-нын алабы саздак. Аймагынын басымдуу бөлүгүн тайга зонасы ж-а 69%ин токой ээлейт. Күлбото топурагы басымдуу. Карагай, көк карагай, бал карагай, кызыл карагай өсөт. Түндүктө 66° түн. кеңдикте тайга токойлуу тундра м-н алмашат. Кен байлыктарынан таш көмүр, нефть, газ, боксит, хромит, титан, марганец, барит ж-а кварц казылып алынат. Минералдык суулар чыгат. К-да региондук бир нече заказник (37 комплекстүү, 15 ихтиология, 30
ботаника, 38 токой, 48 флора, 5 шалбаа, бир
геол. ж-а бир зоол.) уюштурулган ж-а 200дөн ашык табият эстелиги (а. и. 46 геол., 32 ботаника, 13 суу ж-а 18 саз) бар.
Коми крайы 1478-ж. Россиянын курамына кирген. 1921-ж. 22-августта Коми (Зырян) АОсу (РСФСРдин курамында, 1936-ж. Коми АССРи 1990-ж. Коми ССРи болуп кайра түзүлгөн. 1992- жылдан Коми Республикасы.
К. Түн. экон. райондун курамына кирет. Ө. ж. продукциясынын көлөмү а. ч. продуктусунан 40 эсе жогору (2006). Региондун дүң продукциясынын структурасында ө. ж-дын үлүшү 48,1%, транспорт м-н байланыштыкы 12,6%, дүң ж-а
чекене сооданыкы 9,1%, кыймылсыз мүлк (ижарага берүү ж. б.) 9,1%, курулуш 7,5%, айыл ж-а токой чарбасыныкы 3,2%. К. Россия экономикасында өнүккөн токой ө. ж. комплекси м-н өзгөчөлөнөт. Фанера (1-орунда; 12%), целлюлоза (3-; 14,9%), кагаз ж-а картон (4-; 6,4%),
тактай материалдар (9-; 3,1%) өндүрүштөрү
өнүккөн. К. Россиянын Түн. Европасынын негизги отун базасы болуп эсептелинет (40ка жакын нефть кени иштетилет), токой, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз (23,5%, «Сыктывкар токой ө. ж. комплекси»), электр энергетика (К. Р-нын керектөөсүн толугу м-н камсыз кылат), тамак-аш (ири ишканалары: «Сыктывкархлеб»,
«Юбилейный» кондитер ф-касы, о. эле эт, сүт, ликёр-арак ж. б.) ө. ж. ишканалары иштейт.
А. ч-га жарактуу жери респ-нын аймагынын
0,5%ин ээлейт (а. и. айдоо аянты 30,6%). Тоют
өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча, дан эгинде-
ри айдалат. Мал чарбасы эт-сүт багытында. Чочко ж-а канаттуулар комплекстери ө. ж-луу борборлорду жабдууга багытталган. Респ-да Европанын түндүгүндөгү бугулардын жалпы санынын 1/ и асыралат.
Т. ж-нун уз. 1,7 миң км, автомобилдики 5,7 миң км (асфальтталган), суу жолунуку 4,1 миң км. Печора, Вычегда д-нда кеме жүрөт. Куур транспорту да өнүккөн (нефть куурунуку 1,7 миң км, газдыкы 3,6 миң км). Ири порттору: Печора, Емва, Вуктыл.
РИАнын Урал бөлүмүнүн ил. борбору, 510 мектепке чейинки ж-а 503 жалпы билим берүүчү мекемелер, 55 башталгыч ж-а орто окуу жайы, 27 ЖОЖ, 5 театр (а. и. муз., куурчак), филармония, 21 музей, 4 китепкана бар. Респ-да «Красное знамя», «Республика», «Молодёжь Севера» ж-а «Коми му» (1919, коми тилинде) ж-а райондук гезиттер чыгат. Туризм өнүгүүдө. Негизги сырткы соода шериктештери: Нидерланд, Германия, Финляндия, Швеция, Австрия, Улуу Британия, Латвия, Украина ж-а Польша.
Ад.: Коми, Республика Коми//БРЭ, спец. том.
Россия, М.,2004; Коми//Большая Российская Энциклопедия, Т. 14, М., 2009.