КОМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́МИ , К о м и Р е с п у б л и к а с ы Россиянын Европа бөлүгүнүн түн.-чыгышында жайгашкан. Аянты 416, 8 миң км2. Калкы 968,2 миң (2008).
Адм.-айм. жактан 12 районго, 10 шаарга, 29 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Сыктывкар ш. Калкынын негизин орустар (57,7%), комилер (23,3), украиндер түзөт; о. эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 2,7 киши туура келет. Динге ишенгендердин көпчүлүгү православныйлар, протестанттар да бар. Шаар калкы 75,3%. Ири шаарлары: Вор­кута, Ухта, Печора, Усинск, Сосногорск, Инта. Республика Түн.-Батыш федерация округуна кирет. Мамл. бийлигинин органдар системасы Россиянын ж-а К. Респ-нын конституциясы та­рабынан аныкталат.
Экол. абалы калк аз жайгашкан түш.-чыгы­шында ж-а түн.-батышында канааттандырар­лык, ал эми нефть ж-а газ казылып алынган аймактарында курч абалда. Тайгада (бугу жа-

Сысоло дарыясынын алабындагы түштүк тайга ка­рагайлары.

йытынын негизинде) деградацияга учураган жер­лер кездешет. Жылына атм-га 790 миң т уулуу заттар чыгарылат. Коргоого алынган табигый аймактар системасы (аянты респ-нын аймагы­нын 14,6%ин түзөт) Европадагы эң ири Печора- Илыч коругу ж-а мамл. улуттук парк – Югыд Ваганын карамагына киргизилип, Коминин кол тийбеген токойлору деген жалпы ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган. Респ­нын аймагынын көпчүлүк бөлүгү түзөң. Айма­гынан Тиман токол тоосу ж-а Уралдын түн. бөлүгү (эң бийик жери 1895 м) орун алган. Алар­дын аралыгында Печора түздүгү жайгашкан.
Жылдык орт. темп-расы 0–1°С, эң түн.-чыгы­шында –4°Сден –6°Сге чейин. Кышы узак, суук; жайы кыска, салыштырмалуу жылуу. Январ­дын орт. темп-расы –17°С, июлдуку 11–15°С. Жылдык жаан-чачыны 700–1500 мм. Түндүгүндө ж-а түн.-чыгышында түбөлүк тоң жатат. Айма­гы өтө нымдуу болгондуктан, саздуу келип, да­рыя тармактары жыш. Алар Баренц, Каспий ж-а Кара (Карск) деңиздеринин алаптарына кирет. Ири дарыялары: Печора, Вычегда, Ме­зень. Көптөгөн көлдөрү бар; эң ирилери: Ямозё- ра (аянты 31,1 км2), Синдорский (28,5 км2). Пе­чора д-нын алабы саздак. Аймагынын басым­дуу бөлүгүн тайга зонасы ж-а 69%ин токой ээлейт. Күлбото топурагы басымдуу. Карагай, көк карагай, бал карагай, кызыл карагай өсөт. Түндүктө 66° түн. кеңдикте тайга токойлуу тун­дра м-н алмашат. Кен байлыктарынан таш көмүр, нефть, газ, боксит, хромит, титан, мар­ганец, барит ж-а кварц казылып алынат. Ми­нералдык суулар чыгат. К-да региондук бир нече заказник (37 комплекстүү, 15 ихтиология, 30 ботаника, 38 токой, 48 флора, 5 шалбаа, бир геол. ж-а бир зоол.) уюштурулган ж-а 200дөн ашык табият эстелиги (а. и. 46 геол., 32 бота­ника, 13 суу ж-а 18 саз) бар.
Коми крайы 1478-ж. Россиянын курамына кирген. 1921-ж. 22-августта Коми (Зырян) АОсу (РСФСРдин курамында, 1936-ж. Коми АССРи 1990-ж. Коми ССРи болуп кайра түзүлгөн. 1992- жылдан Коми Республикасы.
К. Түн. экон. райондун курамына кирет. Ө. ж. продукциясынын көлөмү а. ч. продуктусунан 40 эсе жогору (2006). Региондун дүң продукциясы­нын структурасында ө. ж-дын үлүшү 48,1%, транспорт м-н байланыштыкы 12,6%, дүң ж-а чекене сооданыкы 9,1%, кыймылсыз мүлк (ижарага берүү ж. б.) 9,1%, курулуш 7,5%, айыл ж-а токой чарбасыныкы 3,2%. К. Россия эко­номикасында өнүккөн токой ө. ж. комплекси м-н өзгөчөлөнөт. Фанера (1-орунда; 12%), цел­люлоза (3-; 14,9%), кагаз ж-а картон (4-; 6,4%), тактай материалдар (9-; 3,1%) өндүрүштөрү өнүккөн. К. Россиянын Түн. Европасынын не­гизги отун базасы болуп эсептелинет (40ка жа­кын нефть кени иштетилет), токой, жыгаччы­лык, целлюлоза-кагаз (23,5%, «Сыктывкар то­кой ө. ж. комплекси»), электр энергетика (К. Р-нын керектөөсүн толугу м-н камсыз кылат), тамак-аш (ири ишканалары: «Сыктывкархлеб», «Юбилейный» кондитер ф-касы, о. эле эт, сүт, ликёр-арак ж. б.) ө. ж. ишканалары иштейт.
А. ч-га жарактуу жери респ-нын аймагынын 0,5%ин ээлейт (а. и. айдоо аянты 30,6%). Тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча, дан эгинде-


ри айдалат. Мал чарбасы эт-сүт багытында. Чоч­ко ж-а канаттуулар комплекстери ө. ж-луу бор­борлорду жабдууга багытталган. Респ-да Ев­ропанын түндүгүндөгү бугулардын жалпы саны­нын 1/ и асыралат.
Т. ж-нун уз. 1,7 миң км, автомобилдики 5,7 миң км (асфальтталган), суу жолунуку 4,1 миң км. Печора, Вычегда д-нда кеме жүрөт. Куур транспорту да өнүккөн (нефть куурунуку 1,7 миң км, газдыкы 3,6 миң км). Ири порттору: Печо­ра, Емва, Вуктыл.
РИАнын Урал бөлүмүнүн ил. борбору, 510 мек­тепке чейинки ж-а 503 жалпы билим берүүчү мекемелер, 55 башталгыч ж-а орто окуу жайы, 27 ЖОЖ, 5 театр (а. и. муз., куурчак), филар­мония, 21 музей, 4 китепкана бар. Респ-да «Крас­ное знамя», «Республика», «Молодёжь Севера» ж-а «Коми му» (1919, коми тилинде) ж-а ра­йондук гезиттер чыгат. Туризм өнүгүүдө. Не­гизги сырткы соода шериктештери: Нидерланд, Германия, Финляндия, Швеция, Австрия, Улуу Британия, Латвия, Украина ж-а Польша.


Ад.: Коми, Республика Коми//БРЭ, спец. том.
Россия, М.,2004; Коми//Большая Российская Эн­циклопедия, Т. 14, М., 2009.