КОМЕТАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМЕТАЛАР (гр. komet–s, сөзмө сөз – узун чач­туу), к у й р у к т у у ж ы л д ы з д а р – Күн системасындагы чаң, муз бөлүкчөлөрүнөн тур­ган ж-а өтө созулган орбита б-ча айлануучу ас­ман телолору. Күндөн кыйла алыс аралыкта сүйрү формадагы начар жылтыроочу так түрүндө көрүнөт, ал эми Күнгө жакындай баштаганда, «баш» ж-а «куйрук» пайда болот. Башынын борб. жаркырак бөлүгү ядро деп аталат. Ядро­нун орточо салмагы 1–100 млрд кг, диаметри 0,5–20 км, тыгыздыгы 200 кг/м3. Ядродо бош­туктар да бар. Анын үчтөн бири муз ж-а үчтөн экиси чаң сымал туруксуз заттан турат. Муз не­гизинен суу ж. б. бир катар кошулмалардан пайда болгон. Күнгө ар бир жакындоосунда муз эрип, газ молекулалары ядродон чыгат ж-а өзү

м-н чаң, муз бөлүкчөлөрүн таратат. Ошонун не­гизинде ядронун тегерегинде уюлгуган булутча – кома сымал узун плазмалык чаңдуу куйрук пайда болот. Жоготууга учураган заттардын саны ядрону каптаган чаңга ж-а Күн м-н бол­гон аралыкка көз каранды. «Жотта» космос


аппаратынын Галлей кометасына жакын ара­лыктан жасаган байкоолору К. түзүлүшү б-ча бир катар теорияларды бышыктаган. К. узак ж-а кыска мезгилдүү болуп бөлүнөт. Кыска мез­гилдүү К-дын Күндү айлануусу орт. 8 жыл. Аст­рономдор 1976-ж. Веста ж-а Биэла кометасы­нын ажырашын байкашкан. Узак мезгилдүү К-дын айлануу мезгили 10 миңден 1 млн жыл­ды түзөт. Азыр 140 кыска ж-а 800дөй узак мез­гилдүү К. белгилүү ж-а жылына 30дай жаңысы ачылып турат. Ал объектилер толугу м-н изил­дене элек, аларды Күнгө 2,5 а. б. аралыкта жа­кындаганда гана байкоого болот. Болжол м-н Күн айланасында триллионго жакын К. айла­нып жүрөт.