КОМЕТАЛАР
КОМЕТАЛАР (гр. komet–s, сөзмө сөз – узун чачтуу), к у й р у к т у у ж ы л д ы з д а р – Күн системасындагы чаң, муз бөлүкчөлөрүнөн турган ж-а өтө созулган орбита боюнча айлануучу асман телолору. Күндөн кыйла алыс аралыкта сүйрү формадагы начар жылтыроочу так түрүндө көрүнөт, ал эми Күнгө жакындай баштаганда, «баш» ж-а «куйрук» пайда болот. Башынын борбордук жаркырак бөлүгү ядро деп аталат. Ядронун орточо салмагы 1–100 млрд кг, диаметри 0,5–20 км, тыгыздыгы 200 кг/м3. Ядродо боштуктар да бар. Анын үчтөн бири муз ж-а үчтөн экиси чаң сымал туруксуз заттан турат. Муз негизинен суу ж. б. бир катар кошулмалардан пайда болгон. Күнгө ар бир жакындоосунда муз эрип, газ молекулалары ядродон чыгат ж-а өзү

м-н чаң, муз бөлүкчөлөрүн таратат. Ошонун негизинде ядронун тегерегинде уюлгуган булутча –кома сымал узун плазмалык чаңдуу куйрук пайда болот. Жоготууга учураган заттардын саны ядрону каптаган чаңга ж-а Күн м-н болгон аралыкка көз каранды. «Жотта» космос аппаратынын Галлей кометасына жакын аралыктан жасаган байкоолору кометалар түзүлүшү боюнча бир катар теорияларды бышыктаган. Каметалар узак ж-а кыска мезгилдуу болуп болунот. Кыска мезгилдуу каметалардын Күндү айлануусу орточо 8 жыл. Астрономдор 1976-ж. Веста ж-а Биэла кометасынын ажырашын байкашкан. Узак мезгилдүү каметалардын айлануу мезгили 10 миңден 1 млн жылды түзөт. Азыр 140 кыска ж-а 800дөй узак мезгилдүү каметалар белгилүү ж-а жылына 30дай жаңысы ачылып турат. Ал объектилер толугу м-н изилдене элек, аларды Күнгө 2,5 а. б. аралыкта жакындаганда гана байкоого болот. Болжол м-н Күн айланасында триллионго жакын каметалар айланып жүрөт.