КОМЕДИЯЛУУЛУК
КОМЕДИЯЛУУЛУК (гр. k–mikjs – көңүлдүү, күлкүлүү) – турмуш көрүнүштөрүнүн, адамдардын кулк-мүнөзүнүн күлкүлүү жактарын көрсөтүүчү эстет. категория. К. ар кандай турмуштук окуялардагы форма м-н мазмундун, жагдай м-н аракеттин ортосундагы дал келбестиктен пайда болот. Сатиралык К-та алдынкы эстет. идеяларга туура келбеген коомдун алга жылышына тоскоол болгон көрүнүштөр сынга алынат; юмордук К-та адамдардын мүнөзүндөгү, жүрүм-турумундагы айрым көрүнүштөр тамаша, азил иретинде айтылат да, турмушту терең ж-а ар тараптан түшүнүүгө көмөктөшөт. К-тун сатира, юмор, карикатура ж. б. түрлөрү бар.