КОМЕДИЯЛУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМЕДИЯЛУУЛУК (грекче kõmikós – көңүлдүү,күлкүлүү) – турмуш көрүнүштөрүнүн, адамдар­дын кулк-мүнөзүнүн күлкүлүү жактарын көрсө­түүчү эстетикалык категория. Комедиялуулук ар кандай турмуштук окуялардагы форма менен мазмундун, жагдай менен аракеттин ортосундагы дал келбестиктен пайда болот. Сатиралык комедиялуулукта алдынкы эстетикалык идеяларга туура келбеген коомдун алга жылы­шына тоскоол болгон көрүнүштөр сынга алы­нат; юмордук комедиялуулукта адамдардын мүнөзүндөгү, жү­рүм-турумундагы айрым көрүнүштөр тамаша, азил иретинде айтылат да, турмушту терең жана ар тараптан түшүнүүгө көмөктөшөт. Комедиялуулуктун са­тира, юмор, карикатура жана башка түрлөрү бар.