КОЛУМБИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛУ́МБИЯ , К о л у м б и я Р е с п у б л и­к а с ы – Түш. Американын түн.-батыш бөлү­гүндө жайгашкан мамлекет. Батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Кариб деңизи м-н чулганат. Түн.-батышынан Панама, түн.-чыгышынан Ве-

несуэла, түш.-чыгышынан Бразилия, түштүгүнөн Перу, түш.-батышынан Эквадор м-н чектешет. Аянты 1141,7 миң км2 (Латын Америкасында 5-орун). Калкы 44,44 млн (2008; Латын Амери­касындагы Бразилия, Мексикадан кийин 3- орун). Борбору – Санта-Фе-де-Богота (Богота).
Расмий тили – испан тили (этностук топтордун тилдери да өздөрү жашаган жерлерде расмий тил болот). Акча бирдиги – колумбия песосу. Адм.- айм. жактан 32 департаментке ж-а 1 борб. ок­ругга бөлүнөт (к. таблицаны).

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005)

К. – БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл ара­лык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1946), Америка өлкөлөрү уюмунун (1948), Анд тобу­нун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), МЕРКОСУРдун (2004-жылдан ассоциа­циялашкан) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. К. – унитардык мам­лекет. Конституциясы 1991-ж. 4-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент, эл тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Конгресс (Сенат ж-а Өкүлдөр палатасынан тур­ган парламент 4 жылга шайланат). Сенатка улуттук округдардан 100, индейлер жамааты­нан 2, Өкүлдөр палатасына 166 сенатор шайла­нат. Аткаруучу жогорку органы – улуттук өкмөт (президент, министрлер – кабинеттин мүчөлөрү ж-а адм. бөлүмдөрдүн директорлору). Өкмөт пар­ламент алдында жооптуу. К-да көп партия­луу система орун алган. Белгилүү партиялары: К. либералдар партиясы, К. консерваторлор пар­тиясы, «Биринчи кезекте – Колумбия», Патриот­тук союз.

Табияты

. К-нын аймагында бийик Колумбия Анд тоолору, Кариб деңизин ж-а Тынч океанды жээктей жаткан ойдуңдар, Амазонка ойдуңунун батыш бөлүгү, Льянос-Ориноко өзгөчөлөнүп ту­рат. Тоолор өлкөнүн 33%ке жакын аймагын ээлейт. Колумбия Анд тоолору өлкөнүн батыш бөлүгүндө бири-бирине дээрлик жарыш созулуп, Чыгыш, Борб., Батыш ж-а Жээк Кордильера

Магдалена дарыясынын өрөөнү.

Анд тоолорун камтыйт. Алар бири-биринен Кау­ка ж-а Магдалена д-нын өрөөндөрү аркылуу бө­лүнөт. Чыгыш Кордильера бийик (5000 мден ашык) ж-а жазы (270 кмге чейин) келип, кы­рына байыркы ж-а азыркы мөңгүлөр пайда кыл­ган рельефтин формалары мүнөздүү. Эң бийик жери – 5775 м (Кристобаль-Колон чокусу). Борб.
Кордильера – Колумбия Анд тоолорунун эң би­йик кырка тоосу (5750 м – Уила; Руис жанар­тоолору). Мында аракеттеги (бийикт. 4500 м) ж-а өчкөн жанартоолор арбын, Батыш Кор­дильера Колумбия Анд тоолорунун эң жапыз бөлүгү (негизинен бийикт. 3000 м чамасында),

Борбордук Кордильерадагы парамос.

байыркы ж-а азыркы вулканизм мүнөздүү. Жээк Кордильерасы – Анд тоолорунун эң кийин (жаш) пайда болгон бөлүгү (бийикт. 1810 мге чейин); капталдары салыштырмалуу тик. Кариб деңи­зинин жээк түздүгүн мезгил-мезгили м-н суу каптап турат, агын суулардын өрөөндөрү м-н тилмеленген. К-нын түздүктүү чыгыш бөлүгүн калдык тоолуу бөксө тоолор ээлейт. Амазонка ойдуңу Амазонка д-нын көптөгөн куймалары м-н тилмеленген. Льянос-Ориноконун К-нын че­тиндеги бөлүгү – деңиз деңг. 350 м бийиктикте жаткан ж-а өтө тилмеленген түздүк. Тектон. жактан К-нын батыш бөлүгү Түштүк Америка платформасына, батышы Чыгыш Тынч океан кыймылдуу алкагынын Анд бүктөлүү кырчоо­суна кирет. Маанилүү кен байлыктары: нефть, газ, темир, никель, жез, фосфорит, зымырыт (изумруд).
К. экватор ж-а субэкватор климат алкакта­рында жайгашкан. Жеринин деңиз деңг. би­йиктигине жараша К-нын аймагы төмөнкү кли­маттык алкактарга бөлүнөт: тьерра кальенте (ысык алкак), тьерра темплада (мелүүн алкак), тьерра фриа (суук алкак), тьерра элада (субни­валь ж-а ниваль алкактары), аска-зоокалуу, кардуу алкак. Өлкөнүн аймагы б-ча темп-ранын ж-а нымдуулуктун зор айырмачылыгы мүнөздүү. Аба массаларынын циркуляциясы негизинен ички тропиктик конвергенция зонасынын жай­гашуусуна байланыштуу. Жайында ал өлкөнүн түн. аймагында, кышында түштүгүндө жайга­шат. К-нын түн. бөлүгүнө бир кургакчыл, бир нымдуу сезон мүнөздүү. Борб. ж-а түш. аймак­тарында андай сезондор экиден болот. Колум­бия Анд тоолору нымдуу тынч океан ж-а ама­зонка аба массаларынын жолуна тоскоол бо­луп турат. Тьерра кальенте өлкөнүн аймагынын 85%ин (1000 м бийиктикке чейин) ээлеп, Ко­лумбия Анд тоолорунун этек бөлүктөрүн, Тынч океандын жээк түздүктөрүн, Амазонка ойдуңун, Льянос-Оринокону, Магдалена өрөөнүнүн ба­сымдуу ж-а Каука д-нын өрөөнүнүн бир аз бө­лүктөрүн камтыйт. Абанын жылдык орт. темп­расы 24–28°С. Темп-ра сутка ичинде анча көп өзгөрбөйт. Тынч океандын жээк түздүктөрү – Жер шарындагы эң нымдуу жерлердин бири, анда жаан-чачындын көп жылдык орт. өлчөмү 9000 ммге жетет (Чоко департаментинде); Туту­нендо метеорол. станциясында 11 700 мм жаа­гандыгы катталган. Амазонка ойдуңунун баты­шында 5000 ммден чыгышында 2000 ммге че­йин азаят. Кариб деңизинин жээгинде ж-а Лья­нос-Оринокодо пассатка байланыштуу кургак­чыл ж-а нымдуу сезондор даана байкалат. Ным­дуу сезондо (май, октябрь) алаамат ташкындоо болуп турат. К-нын эң кургакчыл жери – Гуа­хира ж. а. (мында жаан-чачын 300 ммден аз түшөт). Тьерра темплада (өлкөнүн аймагынын 8%и) Колумбия Анд тоолорунун, о. эле Магда­лена, Каука өрөөндөрүнүн капталдарын (1000– 2000 м бийиктиктерди) камтыйт. Абанын жыл­дык орт. темп-расы 17–24°С, темп-ранын жыл­дык амплитудасы 2°Сден ашпайт. Жаан-чачын­дын жылдык өлчөмү 1500–3000 мм, узакка со­зулган ак жаан болуп турат. Абанын нымдуу­лугу дайыма жогору. Тьерра фриа (6%) 2000– 3000 м бийиктиктерде жайгашкан аймактарга мүнөздүү. Бул алкакка (тоо аралык плато, ой­дуңдарга) «түбөлүк жаз» климаты мүнөздүү; аба­нын жылдык орт. темп-расы 12–17°С, темп-ра­нын сутка ичиндеги амплитудасы 20°Сге чейин жетет, түн ичинде 0°Сден төмөн түшкөн учур­лар да болот. Жаан-чачыны жыл ичинде жээк түздүктөрүнө караганда салыштырмалуу бир кылка жаайт; нымдуу эки (күзүндө ж-а жазын­да) ж-а кургакчыл эки сезон болот. Жылдык жаан-чачыны 1000–2000 мм; дээрлик туман ба­сып турат. Тьерра элада 3000–4000 м бийиктик­ке мүнөздүү. Айлык орт. темп-расы 13–16°С, темп-ранын суткалык амплитудасы жогору. Андан жогору аска-зоокалар жайгашкан; кар чегинин орт. бийикт. 5000 м. К-нын дарыяла­ры өтө жыш, негизинен жамгыр суусунан кура­лат; босоголуу. Негизги дарыялары: Магдалена (Каука м-н кошо), Атранто (Кариб деңизине куят); Ориноконун куймалары – Гуавьяре, Мета; Амазонканын куймалары – Путумайо ж-а Какета. Чыгыш Кордильерада ж-а түндүк­төгү ойдуңдарда көлдөр көп. Жер астындагы суу­ларга да бай.
Эң нымдуу аймактары (Тынч океан жээгин­деги түздүктөр, Амазонка ойдуңу ж. б.) ж-а тоо этектери – дайыма жашыл жыш токой – гилея же сельва (кызыл-сары латерит топурактуу), се­зондуу нымдуу аймактары (Мета түздүктөрү) – кызыл топурактуу льянос саваннасы, а. и. саз­дуу (Кариб бою ойдуңу) же жалбырагын күбүүчү дайыма жашыл (негизинен тоолордо; күрөң­кызыл латериттешкен топурактуу), түн.-чыгыш чет жакасы ксерофилдүү бадалдар ж-а кактус м-н капталган. Анд тоолорунун нымдуу кап­талдарында бийиктик алкактуулук даана бай­калат: тоо гилеясы (тропиктик туман токою) 3000–3200 м бийиктиктен жогору экватордук бийик тоо шалбаасы – парамос, 4700–4800 м бийиктикте кар зонасы м-н алмашат. Анддын бөксө тоолорунун, ички капталдарынын ж-а өрөөндөрүнүн өсүмдүктөрү адам баласынын чар­балык аракетинен өтө өзгөрүп кеткен. Токоюн­да маймыл көп, о. эле тапир, илендилер, ягуар, кумурскачылар, кескелдириктер – игуан ж. б. мекендейт; сууларында крокодил, балыктар – пиранья ж. б. бар.
К-да 41 улуттук парк, 9 фауна ж-а флора ре­зерваты, 2 улуттук корук, 3 экол. корук бар. Жалпысынан өлкөнүн аймагынын 10%ке жа­кыны корголот. Эң ирилери: Амазонияда – Чирибикете (аянты 1,28 млн га), Рио-Пуре (1 млн га), Кауинари, Колумбия Анд тоолорун­да – Эль-Кокуй, Кордильера-лос-Пикачос улут­тук парктары. Лос-Катиос Улуттук паркы (Тынч океан жээгинин бир бөлүгү), Мальпело фауна ж-а флора резерваты (аты окшош аралды ж-а Тынч океандын аралды чулгаган акваториясын камтыйт) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмеси­не кирген.

Калкы

. Басымдуу бөлүгү (94,6%и) испан ти­линде сүйлөгөн – колумбиялыктар; анын 30%и актар, 51%и метистер, 10,6%и негрлер, 31%и самбо. Индейлер 3,4%ти түзөт, алардын көбү – аравиктер (0,4%), а. и. гуахиралар (0,3%тен ашык), паэс (0,3%), чако (0,2%), чибча, тука­но, кечуа ж. б. 2007-ж. төрөлүү 1000 адамга 20,2, өлүм-житим 5,8 адам болгон. Өмүрдүн орт. узак­тыгы 72,3 жыл (эркектер – 68,4, аялдар – 76,3 жыл). Курактык түзүлүшүндө балдардын (15 жашка чейинки) үлүшү 29,8%, эмгекке жарам­дуу курактагылар (15–65 жаш) 64,8%, 65тен аш­кандар 5,4%. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 39 адам. Калкынын көбү өлкөнүн батыш (тоолуу) бөлүгүндө ж-а тоо аралык өрөөндөрүндө отурукташкан (бул аймактарда калктын орт. жыштыгы: 1 км2де 100 адамдан ашат). Шаар калкы 73%ке жакын (негизинен калктын шаар­ларга көп көчүп келүүсүнөн көбөйгөн). Ири шаарлары: Богота (калкы 7137,8 миң; 2008), Ме­дельин (2283,4 миң), Кали (2167,5 миң), Кукута (589,6 миң), Соледад (524,5 миң), Букараманга (516,9 миң), Ибаге (488,3 миң). Өтө жакыр жа­шагандар К-нын калкынын 49,2%ин түзөт (2005). Өлкөнүн калкынын 90%и – католиктер; 3–13,5%и – протестанттар.

Тарыхы

. Археол. табылгалар К. аймагында адам соңку плейстоценден (мындан 12–11 миң жыл мурда) баштап жашаганын далилдейт. Бул мезгилге таандык сөөк, таш куралдар Сабана­де-Богота бөксө тоосундагы байыркы турак жай­лардан табылган. Батыш К-да мындан 7–6 миң жыл мурда дыйканчылык пайда болгон. Б. з. ч. 4–2-миң жылдыктарда К-нын Кариб деңиз жээ­гинде шакек сымал кыштактар (Монсу, Пуэр­то-Ормига ж. б.) болгон. Ал жерден геом. оймо­чийме түшүрүлгөн карапа, таш куралдары та­былган. К. аймагын байыртадан индейлер (16- к-дын башында индейлердин саны 2 млндой болгон) мекендеген. 15–16-к-да К-ны испандар каратып, аны Жаңы Гранада деп атаган. Анын губернатору болуп Хименес де Кесада дайындал­ган. Жаңы Гранада 1549-ж. аудиенсия, 1564-ж. Перу вице-королдугунун курамындагы пресиден­сия статусуна ээ болгон. 1717-ж. ал вице-корол­дукка айланып, курамына Эквадор, Венесуэла ж-а Панаманын азыркы аймактары кирген. Жаңы Гранаданын экон. өсүшүнүн негизги фор­масы энкомьенда болгон. Жээк аймактарында плантациялык чарба (кофе, банан, бал камыш өстүрүлгөн), борбордо ж-а чыгыш райондорунда зымырат, алтын, күмүш кендери иштетилген. 17-к-дын аягында колониялаштыруудан индей­лердин саны азайып, Африкадан кул негрлерди алып келе башташкан. Элдин көпчүлүгүн кре­олдор түзгөн. 18-к-дын аягында Жаңы Гранада м-н метрополия ортосундагы мамиле курчуй баштаган. Испан бийлигинин экон. саясаты эл­дин нааразылыгын туудурган. 1810-ж. 20-июл­да испан үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүш чыгып, ал Латын Америкасындагы көз карандысыздык үчүн согуштун негизги бөлүгүнө айланган. Кө­төрүлүшчүлөр вице-королду кетирип, рев-ялык хунта деп аталган өз өкмөтүн түзүшкөн. 1811-ж. ноябрда Жаңы Гранада Кошмо провинциялар конфедерациясын түзүү ж-дө актыга кол коюл­ган. Мамл. түзүлүш формасы (унитардык же федералдык республика) ж-дө маселени талкуу­лоодо пикир келишпестиктер пайда болуп, фе­дералисттер м-н централисттердин ортосунда күрөш күч алган. Провинцияларда ж-а шаар­ларда көз карандысыз башкаруу органдары (хун­талар) түзүлүп, өздөрүнүн эгемендигин жарыя­лашкан. 1812–13-ж. С. Боливар жетектеген күчтөр Жаңы Гранаданын көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшкө катышкан. Жаңы Гранада м-н Венесуэла патриотторунун биргелешкен күчтөрү испан аскерлерин талкалап, 1819-ж. 17-декабр­да Ангостура (азыркы Сьюдад-Боливар, Венесуэ­ла) ш-нда Улуу Колумбия федерациялык респ. (курамында Жаңы Гранада ж-а Венесуэла) түзүл­гөн. С. Боливар Улуу Колумбия президенти, Ф. де Паула Сантандер вице-президенти болуп дайындалган. Экон. ж-а саясий байланыштар болбогондуктан, 1830-ж. Улуу Колумбия өз ал­дынча мамлекеттерге (Венесуэла, Эквадор, Жа­ңы Гранада) бөлүнүп кеткен. 1832-ж. Жаңы Гра­нада (курамына Панаманын азыркы аймагы кир­ген) конституция кабыл алып, президенттикке Ф. де Паула Сантандер шайланган. 1830-жыл­дары Жаңы Гранадада эки ири партия (консер­вативдик ж-а либералдык) түзүлгөн. Консерва­торлор (боливарчылар) католик чиркөөсү м-н союздаш, борбордошкон күчтүү мамлекет түзүүнү максат кылса, либералдар (сантандерчилер) фе­дерализм принциптерин ж-а жалпыга бирдей шайлоо укугун жакташкан. 1845-ж. консерва-

тивдик партиянын өкүлү генерал Т. С. де Мос­кера-и-Арболеда өлкөнүн президенти болгондон кийин экон. реформаларды жүргүзгөн. 1851-ж. Жаңы Гранадада кул сатуу жоюлган. 1863-ж. мамл. түзүлүштүн федерациялык бийликтин формасын бекемдеген конституция кабыл алын­ган. Чиркөө мамлекеттен бөлүнгөн, респ. Ко­лумбия Кошмо Штаты деп аталган. Президент Р. Нуньес Моледонун убагында (1880–94; үз­гүлтүк м-н) К-да мамл. түзүлүштүн унитардык системасын бекемдеген жаңы конституция ка­был алынган (1886). Мамлекет Колумбия Респуб­ликасы деп аталган. 1890-жылдары Р. Нуньес Моледо өлгөндөн кийин бийликте калган кон­серваторлор м-н либералдардын ортосундагы каршылашуудан чыккан «миң күндүк» жаран-

дык согушта (1899–1902) 100 миңден ашык ко­лумбиялыктар өлгөн. 19-к-дын 2-жарымында Панама мойногунда океан аралык канал куруу долбооруна байланыштуу К-га таасирин күчөтүү үчүн Улуу Британия м-н АКШнын ортосунда күрөш курчуган. АКШ каналга ээ болуу макса­тында Панама департаментин К-дан бөлүүгө аракет жасаган. Натыйжада 1903-ж. ноябрда АКШнын колдоосу м-н Панама К-дан бөлүнүп, өз алдынча Панама мамлекети түзүлгөн. 20-к­дын башында К-нын экономикасы бир кыйла өнүгүүгө (т. ж. салынып, кен иштетилген, тек­стиль ө. ж-лары курулуп, кофе, банан планта­циялары кеңейтилген ж. б.) жетишкен. 1- дүйнөлүк согуш жылдарында АКШ К. эко­номикасынын маанилүү тармактарынан британ капиталын четтеткен. К-нын киреше бере тур­ган ири аймактары амер. компаниялардын ко­луна өткөн. Чет элдик капиталдын басымдуу­лугу улуттук буржуазия ж-а жумушчулар кый­мылынын нааразылыгын туудурган. 1919-ж. Колумбия Социалисттик партиясы, 1926-ж. Бо­готада түзүлгөн Рев-ялык-соц. партиянын ба­засында 1930-ж. Колумбия Коммунисттик пар­тиясы түзүлгөн. 1934-ж. солчул либералдар өкүлү А. Лопес Пумарехо К-нын президенти болуп шайланып, 1886-жылдагы конституцияны кай­ра карап чыгып, жумушчуларга иш таштоо уку­гун берүү, 8 сааттык иш күнүн киргизүү, жыл сайын эмгек өргүүсүнө, оору же жумушсуздук б-ча жөлөкпул төлөө, профсоюз түзүү ж. б. то­луктоолорду киргизген. Өндүрүштү жөнгө салуу ж-а ө. ж-ды өнүктүрүү максаты м-н өлкөнүн экономикасын көзөмөлдөө үчүн өкмөткө укук берилген. Боготада ун-ттик шаарча курулуп, билим берүү мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн. 1938-ж. өлкөдөгү жүргүзүлгөн радикалдуу рефор­малар консерватордук оппозициянын нааразы­лыктарын пайда кылып, А. Лопес Пумарехо от­ставкага кетүүгө аргасыз болгон. Өлкөнүн пре­зиденттигине оңчул либерал Э. Сантос Монтехо шайланып, прогрессивдүү кайра түзүүлөрдү ток­тоткон. К-нын АКШга экон. ж-а саясий көз карандылыгы күчөгөн. 1942-ж. А. Лопес Пума­рехо президенттик шайлоодо кайрадан жеңиш­ке ээ болгон. 1943-ж. ноябрда анын өкмөтү Гер­манияга согуш жарыялаган. К. согуштук ара­кеттерге катышкан эмес, бирок антигитлердик коалиция мамлекеттерине жардам (сырьё ж-а азык-түлүк) берген. 2-дүйнөлүк согуш учурунда өлкөнүн экономикасы жогорулаган. 1946-ж. президенттик шайлоодо Консерватордук пар­тиянын өкүлү М. Оспина Перес жеңип чыгып, бийликке келген консерваторлор демокр. күч­төргө каршы террор компаниясын уюштуруш­кан. Буга жооп катары Либералдар партиясы өкмөт ж-а парламенттен өз өкүлдөрүн чакырып алган. Өлкөдө башталган иш таштоолор, жал­пы стачкага айланган. Оппозициянын башчы­сы Х. Э. Гайтандын өлтүрүлүшү элдик көтөрү­лүшкө алып келип, ал жарандык согушка ай­ланган. 1957-ж. консервативдик ж-а либерал­дык партиялар Улуттук фронт коалициясын түзүү ж-дө өз ара макулдашкан. Анда 1958-жыл­дан бул партиялардын өлкөнү 16 жыл тең укук­та башкаруусу каралган. 1960-жылдардын ба­шынан тартып, Улуттук фронт саясаты бардык коомдук турмушту кучагына алган терең кри­зиске учураган. Баңги зат өндүрүү күч алган. 1974-ж. паритеттик башкаруу мөөнөтү аякта­ган. Өлкөгө жаңы президент либерал А. Лопес Микельсен шайланып, анын экономиканы кө­төрүүгө ж-а чет элдик капиталга көз каранды болбоого жасаган аракеттери өлкөдөгү саясий кырдаалды жакшырта алган эмес. 1970-жыл­дары К-да жаңы партизандык уюмдар пайда бол­гон. 1978-ж. президенттикке шайланган либе­ралдык партиянын өкүлү Х. С. Турбай Аяла­нын учурунда К-нын экономикасы өнүккөн, би­рок ал инфляция ж-а элдин турмуш деңгээли­нин төмөндөшү, жарандык согуштун күчөшү м-н коштолгон. 1980-жылдары К-да ири нарко­картелдер (а. и. Медельин ж-а Кали) түзүлүп, өлкөнүн саясатына ж-а экономикасына теске­ри таасирин тийгизип, куралдуу отряддарды каржылап турушкан. 2002-ж. оңчул либерал өкүлү А. Урибе Велес К-нын президенти болуп шайланган (2006-ж. экинчи мөөнөткө кайра шайланган). Анын өкмөтү АКШнын колдоосу астында наркобизнеске каршы күрөшүүдө. 2004- жылдан Патриот планын (көтөрүлүшчүлөр кый­мылынын иш-аракеттерин токтотуу, Эквадор аймагында партизандык базаларды жок кы­луу ж. б.) ишке ашырууда. 2008-ж. колумбия­лык аскер кызматкерлери (14 адам, а. и. өл­көнүн президенттигине кандидат болгон И. Бе­танкур да бар) туткундан бошотулган. Өлкөнүн ички саясий абалын тынчтык жол м-н жөнгө салууга аракеттенүүдө. Тышкы саясатта К-нын башкы партнёру – АКШ, о. эле Европа ж-а Азия- Тынч океан регионундагы мамлекеттер м-н ма­милеси бекемделүүдө.

Чарбасы

. К. – Латын Америкасындагы турук­туу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ИДПнин жалпы көлөмү (2007-ж. 319,5 млрд доллар) б-ча Латын Америкасында Бразилия, Мексика, Аргентина ж-а Венесуэладан кийинки 5-орунду ээлейт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 6,7 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,791 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 75-орунду ээлейт; 2005).
Өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүү­сүнө 1990-ж. жүргүзүлгөн экон. реформа – адм., салык, банк, менчиктештирүү чаралары, о. эле чет элдик инвестицияны тартуу, сырткы соода­ны либералдаштыруу, региондогу өлкөлөр м-н экон. интеграцияны тереңдетүү б-ча мамл. сая­сат түрткү болгон. К-да ондогон эркин экон. зона (а. и. өндүрүштүк ж-а ил.-тех., туристтик ж. б.) түзүлгөн. Экон. өнүгүүсү импорттоо моделинен экспорттоо багытына өтө баштаган. К-да жүр­гүзүлгөн экон. реформа «калтааруу терапиясын» киргизбегендиги, прагматизм ж-а консерватизм м-н мүнөздөлгөн, натыйжада региондогу башка өлкөлөрдүн көбүнөн өзгөчөлөнүп, К-нын эко­номикасында кескин төмөндөөлөр болгон эмес. 21-к-дын башталышында өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө – отун-энергетика ресурстарынын (нефть, газ, таш көмүр, гидроэнергия) ж-а кен­дин (никель, алтын, платина ж. б.) молдугу, о. эле жумушчу күчүнүн арзандыгы өбөлгө түз­гөн. К. 2006-ж. экон. өсүүнүн темпи б-ча (6,8%) Латын Америкасында Венесуэла, Аргентина, Уругвайдан кийинки 4-орунду ээлеген. Эң жо­горку темп – курулушта (14,4%), иштеп чыга­руу ө. ж-нда (10,8%) ж-а соодада (10,7%) бай­калган.
Экон. өнүгүүсүндөгү азыркы негизги пробле­малар – түшкөн кирешенин бирдей бөлүнбөшү (өлкөнүн калкынын 10%ин түзгөн эң жакыр­ларга кирешенин 7,9%и, ал эми 10%ин түзгөн бай адамдарга кирешенин 34,3%и бөлүнгөн), калктын басымдуу бөлүгүнүн жакырдыгы ж-а анын негизинде пайда болгон баңги зат өндүрүшү (эл аралык экон. ин-ттардын эсеби б-ча баңги бизнес чөйрөсүндө өлкөнүн ИДПсинин 1/ ге жа­кыны өндүрүлөт).
ИДПнин структурасында 52,4%ти тейлөө чөйрөсү, 35,6%ти ө. ж., 12%ти а. ч., токой чар­басы ж-а балык кармоо түзөт. Чарбалык жак­тан тоо аралык Магдалена, Каука өрөөндөрү ж-а аларды чектеп турган Борб. ж-а Чыгыш Кор­дильера тоолорунун капталдары, о. эле Кариб деңизинин жээктери жакшы өздөштүрүлгөн, ал эми Тынч океандын жээктери, түздүктүү чыгыш ж-а түш.-чыгыш бөлүктөрү (Амазония, Льянос) анча өздөштүрүлгөн эмес.
К. – индустриялык өнүгүү темпи (9,4%; 2007) б-ча Латын Америкасында Чили, Панамадан кийинки 3-орунда. Жеңил (кездеме, кийим ж-а бут кийим чыгаруу), тамак-аш, отун (нефть өндүрүү ж-а ылгоо, газ өндүрүү, таш көмүр ка­зып алуу) ж-а химия ө. ж. өнүккөн. Ал эми машина куруу, кара ж-а түстүү металлургия, курулуш материалдар (цемент), токой ж-а жы­гач иштетүү ө. ж. экинчи мааниде. 2006-ж. 25,6 млн т нефть өндүрүлгөн. Нефть өндүрүлгөн не­гизги аймактары (50дөн ашык кени пайдала­нылат): Магдалена д-нын өрөөнү, Кариб деңи­зинин жээги, өлкөнүн түн.-чыгышы ж-а түш.- батышы. Өндүрүлгөн нефтинин 57%и өлкө ичинде керектелет, 43%и экспортко (анын 80%и АКШга) чыгарылат. Табигый газ (6,4 млрд м3; 2006) адатта нефть м-н кошо өндүрүлүп (негизи­нен Гуахира департаментинде), дээрлик барды­гы өлкө ичинде пайдаланылат. Нефть ылгоочу негизги борборлору – Барранкилья ж-а Карта-

Барранкильядагы нефть-химия комплекси.

хена. К-да таш көмүрдүн ири запасы бар. Ка­зып алынган көмүрдүн өлчөмү (65,5 млн т) б-ча дүйнөдө 10-, Латын Америкасында 1-орунду ээлейт. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 13,3 миң МВт (2006). 2006-ж. 50,47 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 75%тейи ГЭСке таандык. 2006-ж. 644 миң т темир кенташ казылып алынып, 1,22 млн т болот өндүрүлгөн. Никель кенташынын запасы б-ча региондо Куба ж-а Доминика Респ-нан ки­йинки 3-орунду, ал эми никель кенташын ка­зып алуу ж-а ферроникель эриндисин өндүрүү (52,7 миң т; 2007) б-ча дүйнөдө Япониядан ки­йинки 2-орунду ээлейт. О. эле жез, цинк, кор­гошун өндүрүлөт. К-нын аймагынан эзелтен эле алтын, күмүш, платина казылып алынган. Ал­тын казып алуу (2006-ж. 15,68 т; Латын Аме­рикасыныкынын 8%и, дүйнөлүк алтындын 1%и) б-ча Перу, Бразилия, Чилиден кийинки 4-орунда турат. 18-к-да Антьокия кенинен дүйнө­лүк алтындын 40%ке жакыны казылып алын­ган К. зымырыт (изумруд) казып алуу б-ча дүй­нөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; анын 90%и (5,73 млн кар) экспортко чыгарылат (дүй­нөлүк экспорттун жарымына жакыны).
К-нын машина куруу ө. ж. өнүгүү деңгээли б-ча региондо Бразилия, Мексика, Аргентина ж-а Венесуэладан кийин турат. Электр-тех. (ти­ричилик электр приборлорун чыгарууну кошо), автомобиль, а. ч. машиналарын куруу (трактор ж. б. а. ч. техникасы), жыгач иштетүү, жеңил ж-а тамак-аш ө. ж. тармактары үчүн жабдуулар­ды чыгаруунун, кеме ремонттоочу ж-а куруучу ө. ж-нын мааниси зор. Машина куруу ө. ж-нын ири борборлору: Богота, Медельин, Барранки­лья, Кили, Пальмира. Химия ө. ж. – орг. син­тез продукцияларын (орг. кислота, спирт, аль­дегид, кетон, фенол ж. б.), полимер материал­дарын (синтездик чайыр, пластмасса, хим. була, синтездик каучук ж-а резина), синтездик боёк ж. б. чыгарат; о. эле таза күкүрт, таш туз ж-а деңиз тузу өндүрүлөт. Жыгач (а. и. баалуу дарактар – каоба, махагони, окатеа, хинна да­рагы ж. б.) Тынч океандын жээгиндеги то­койлордон даярдалат; Амазонияда да жыгач даярдоо ылдам өнүгүүдө. Цемент өндүрүшү (9,96 млн т) б-ча Латын Америкасында Мексика, Бра-

зилия ж-а Венесуэладан кийинки 4-орунду ээлейт.
Жеңил ө. ж. К-нын ички муктаждыгын то­лук камсыз кылат. Текстиль (айрыкча кебез­кездеме, о. эле кылторко), тигүү, трикотаж, бул­гаары бут кийим ө. ж. өнүккөн. Тамак-аш ө. ж. – кант, кофе, какао, эт, тамеки ж. б. чы­гарат.
А. ч-га жарактуу жеринин жалпы аянты 42,56 млн га, а. и. айдоо жери 2 млн га (анын 0,58 млн гасы жүгөрү, 0,44 млн гасы шалы), көп жылдык өсүмдүктөрү 1,61 млн га, калганы шалбаа ж-а жайыт. Негизги иштетилүүчү жер­лери (сугат жери 0,9 млн га) Чыгыш, Борб. ж-а Батыш Кордильеранын тоо аралык өрөөндөрү ж-а Кариб деңизинин жээктери же Башкы тар­магы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк (а. ч. продукция­сынын наркынын 58%и); анын кыйла бөлүгү экспортко багытталган. Экспорттук маанилүү өсүмдүктөрү: кофе, бал камыш, гүл, банан. К. кофени жыйноо (дүйнөлүк жыйымдын 10%ке жакыны) ж-а экспорттоо (дүйнөлүк экспорттун 12%тейи) б-ча дүйнөдө Бразилия, Вьетнамдан

Кандиодогу кофе плантациясы.

кийинки 3-орунда. Кофе өндүрүшү а. ч. дүң про­дукция наркынын 12,4%ин түзүп, анда 513 миң фермер чарбасы иштейт. Кофе плантациясынын жалпы аянты 874 миң га чамасында. Кофенин 95%и экспортко чыгарылат; анын негизги кар­дарлары: АКШ, Япония, Германия, Бельгия, Канада. Жыл сайын 22 млн т бал камыш (жа­шыл масса) даярдалып, 2,4 млн т кант өндүрү­лөт. Гүл өстүрүү экспортко багытталган; К. үзүл­гөн гүлдү даярдоо б-ча дүйнөдөгү алдыңкы өлкө­лөрдүн бири (238,6 миң т, 2007); негизинен – атыр гүл, чеге гүл, хризантема, алстромерия өс­түрүлөт. Гүл плантациясынын жалпы аянты 7,3 миң га чамасында. Аны экспорттоо б-ча дүйнөдө Нидерланддан кийинки 2-өлкө. Гүл са­тып алуучу негизги өлкөлөр: АКШ (80%и), Рос­сия, Улуу Британия, Канада, Япония, Герма­ния. Банан да маанилүү экспорттук продукция­га кирет; банан өндүрүшү (2007-ж. 1,54 миң т ) б-ча дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөгө кирет; Ла­тын Америкасында Бразилия, Эквадор, Коста- Рика, Мексикадан кийинки 5-орунда. Банандын 98%и (жылына 1,5 млн т ) экспортко чыгары­лат. Өлкөнүн негизги азык-түлүгү – күрүч, жүгө­рү, төө буурчак, тамыры азык өсүмдүктөр (ай­рыкча кассава, юкка), жашылча; о. эле май пальмасы, пахта, соя, кунжут, тамеки, о. эле мөмө-жемиш (шабдаалы, өрүк, кайналы, алму­рут, алма), манго, цитрус ж. б. тропик өсүмдүк­төрү өстүрүлөт.
Мал чарбасы ички муктаждыкты гана канаат­тандырат. 2004-ж. 24,95 млн баш кара мал, 2,15 млн баш кой, 1,25 млн баш чочко, 1,2 млн баш эчки болгон; мал көптүгүнө карабай, анын продукциясынын өлчөмү чектелүү. Балык да кармалат.
К. адатта «наркобарондордун чордону» делет: кокаинди зор өлчөмдө өндүрүүчү ж-а экспорт­тоочу дүйнөдөгү өлкө. Дээрлик бардык жеринде курамында наркотика бар өсүмдүктөр (кока ба­далы, кара куурай, апийим), мыйзамсыз өстүрү­лөт. Мындай жерлерге АКШ м-н бирдиктеги «Ко­лумбия планын» жүзөгө ашырууда абадан уулуу химикаттарды чачышат.

Транспорту

. Транспорттун негизги түрү авто­мобиль жолу (ага ички жүргүнчү ташуунун 95%и, жүк ташуунун 66%тен ашыгы, сырткы жүргүнчү ташуунун 6%и туура келет). Жалпы уз. 164,5 миң км. Негизги автомобиль жолдору: Богота – Хирардот – Ибаге – Фресно – Богота; Богота – Тунха – Букараманга – Санта-Марта – Барранкилья – Картахена; Букараманга – Ку­кута (Венесуэла м-н чек ара), Ипьялес (Эквадор м-н чек ара) – Пасто – Попаян – Кали – Буга­лагранде – Ансерма – Медельин – Картахена ж. б. Панамерика шоссесинин (ал Каука д-нын өрөөнү м-н Медельин, Кали ш. аркылуу өтөт) мааниси зор. Т. ж. транспорту ички жүктүн (не­гизинен минералдык сырьё ж-а а. ч. продукция­сы) 30%тен ашыгын ташыйт. Т. ж-нун жалпы уз. 2,14 миң км. Дарыя транспорту ички жүктүн 2,6%ин, жүргүнчүлөрдүн 5%ке жакынын та­шыйт. Өлкөнүн жетүүгө татаал айрым жерле­рине жүк ташууда дарыя бирден-бир негизги жол болуп саналат. Ички суу жолунун пайдаланыл­ган жалпы уз. 18,2 миң км. Эң маанилүү суу жолу – Магдалена д. (1100 км аралыкка кеме каттайт), анда дарыя транспортундагы жүктүн 55%ке жакыны, жүргүнчүнүн 40%тен ашыгы ташылат. О. эле Каука, Путамайо, Какета, Ат­ранто, Сан-Хуан, Патия, Сину, Мета, Гуавьяре ж. б. дарыялары б-ча да кеме каттайт. Деңиз транспорту негизинен сырткы соода жүктөрүн ташыйт. Ири порттору: Кариб деңизинде – Бар­ранкилья, Картахена, Санта-Марта, Тынч оке­андын жээгинде – Буэнавентура. Нефть ж-а нефть продукту куурларынын жалпы уз. 8,5 миң км, газ куурунуку 4,4 миң км. Өлкөдө жалпы 934 аэропорт бар; ирилери – Богота, Ме­дельин, Барранкилья ж-а Кали ш-нда. Негизги экспорттук товарлары: нефть ж-а

Колумбия акчасы.

нефть продуктулары, көмүр, кофе, ферроникель, гүл, банан, (изумруд) зымырыт, о. эле күндө ке­ректелүүчү товарлар (кийим, текстиль, бут ки­йим, самын ж. б. косметика каражаттары), ма­шина ж-а жабдуулар, химия, металлургия ө. ж. продукциялары; автомобиль куруу продукция­ларын, алтын, пальма майын, кондитер про­дуктуларын экспорттоо тез темп м-н өсүүдө. Не­гизги кардарлары: АКШ, Венесуэла, Европа сою­зуна кирген өлкөлөр, Кытай, Мексика, Бра­зилия, Россия. Импортунда металлдан жасал­ган буюмдар, ө. ж. жабдуулары, дан эгин (буу­дай, жүгөрү), мал чарбасы үчүн тоют, хим. про­дукция, автомобиль, электр-жабдуулары, ком­пьютер ж. б. техника, керектелүүчү товарлар ба­сымдуу. Аларды негизинен АКШ, Кытай, Мек­сика, Бразилиядан алат.

Маданияты

. К-да билим берүүгө жалпы же­текчиликти Улуттук билим берүү министрлиги жүзөгө ашырат. Жогорку мамл. билим ж-дө мыйзам (1992-, 1999-, 2000-ж. түзөтүүлөр кир­гизилген), Билим берүү ж-дө жалпы (1994) мый­зам (1994), Этностук топторго билим берүү ж-дө декрет (1995), Мектепке чейинки билим ж-дө (1997), Жогорку тех. билим ж-дө (1997) ж. б. мыйзамдар м-н жөнгө салынат. К. билим берүү системасы мектепке чейинки тарбияны (4–5 жаш) ж-а 10 жылдык (айылдарда 5 жылдык) милдеттүү окутууну (5–15 жаш) камтыйт. 15– 16 жашта 2 жылдык акад. же кесиптик-тех. билим алышат. ЖОЖдору мамл. ж-а менчик. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 92,8%ти түзөт (2005). Башкы ун-ттери, ил. мекемелери, китепканалары ж-а музейлери Богота, Ибага, Картахена, Медельин ш-нда, а. и. Колумбия Улуттук ун-ти (1867). Мамл. ири ЖОЖдор: По­паяндагы Каука (1827), Пастодогу Нариньо (1827), Барранкильядагы Атлантико (1941) ун-ттери ж. б. Консерваториялары Ибага, Бар­ранкилья, Попаян ж-а Санта-Мартада. Мамл. эмес ЖОЖдор Букараманги автономиялык (1952), Манисалестеги католик (1954), Барранкильяда­гы Түн. ун-ттери (1966) ж. б. Ил.-из. иштерин көптөгөн ил. мекемелери жүзөгө ашырат. Та­рыхый ж-а диний иск-во музейлери иштейт.
Улуттук ири басылмалары: жумасына чыгуу­чу «El Espectador» (1887), «Ei Tiempo» (1911), «El Nuevo Siglo» (1936), «Ia Republica» (1954), күнүнө чыгуучу региондук «Ei Pais» (1950), «Ei Pueblo» (1972), «Ei Heraldo» (1933), «E i Colombiano» (1912) ж. б. гезиттер. 1924-жыл­дан радио уктуруу, 1954-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Мамл. көз карандысыз теле ж-а ра­диокомпаниялары бар. Маалымат агенттиги – Colpzensa (1980).
К-нын ад-ты испан тилинде өнүгүүдө. Индей урууларынын мад-тын (а. и. фольклорун) ис­пан колониячылары 16-к-да бүлүнткөн. 17-к-да биринчи драматургиялык чыгармалар, 18-к-да испан үлгүсүндөгү тарыхый-турмуштук хрони­калар (Х. Родригес Фрейле) ж-а поэзия (Х. де Кастельянос) пайда болгон. 18-к-дын аягы – 19- к-дын башында агартуучулук багыт класси­цизмге ыктаган (А. Нариньо), чечендик өнөр (С. Боливар, Ф. А. Сеа ж. б.), патриоттук поэ­зия, (Х. М. Саласар, Х. Фернандес Мадрид ж. б.) өнүккөн. 1830–1900-жылдары романтизмдин гүлдөгөн мезгили болгон, тарыхый романдар жа­ралган. Х. М. Маррокин, Т. Карраскильянын чыг-лыгында реалисттик ж-а натуралисттик тенденциялар байкалат. К. ад-тындагы костум­бристтик прозанын ж-а поэзиянын өкүлдөрү чы­гармаларында элдин жашоо-тиричилигин ча­гылдырышкан. 20-к-дын башында модернист­тик лирика, кийинчерээк авангардизм, психол. роман, сюрреализм өкүм сүргөн (Х. Э. Ривера, С. Урибе). Реалисттер социалдык тематикага кайрылышкан. 20-к-дын 2-жарымында магия­лык реализмдин өкүлү Г. Гарсиа Маркес бүт дүй­нөгө белгилүү болгон.
К. аймагындагы байыркы сүрөт өнөр эстелик­тери (карапа, сүрөт түшүрүлгөн алтын буюмдар) б. з. ч. 1-миң жылдыкка (Томака ж-а Илама мад-ттары) таандык. Б. з. 1-миң жылдыгынын аягы – 2-миң жылдыгынын башындагы Сан- Агустин мад-тына (жаныбарлар м-н кишилер­дин сүрөттөрү тартылган рельефтер, таш статуя­лар, дубалга түшүрүлгөн оймо-чийме сүрөттөр ж. б.) болжол м-н 6–10-к-дагы Тьеррадентро (Каука департаменти) комплексинин иск-восу (склептер ж-а аларга алып барчу тепкичтүү таш жолдор, оймо-чиймелер м-н кооздолгон жайла­ры) жакын. Муиск мад-тына (Сабана-де-Богота платосу) тумбагадан жасалган (жез м-н алтын- дын куймасы) идолдор (тунхо) ж. б. таандык. Испандар келгенге чейинки К. иск-восу Эква­дор, Перу иск-восуна тектеш, б. з. 2-миң жыл­дыгынын аягында колумбиялык Амазония мад­тынын таасири тийген. Испан каратууларынын мезгилинде индей кыш-нын ордуна испан ти­биндеги арх-ралык курулуштар тургузулуп, чир­көө иск-восу (Монгидеги ж. б. чиркөөлөр) өнүк­көн. Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнө караганда К-да классицизм көбүрөөк өнүккөн (Боготанын борб. аянтындагы 16–19-к-га таан­дык курулуштар: собор, архиепископ хан са­райы, Капитолий ж. б.). Байыркы индей иск-восунун салттары европ. таасир м-н ширелишип, индей чеберлеринин чыгармаларында сакталган. К-да эң маанилүү живопись мектеби калыптанган. 16-к-да испа­ниялык, итал. чеберлер иштеген. К. живописи 17-к-дын 2-жарымынан Ф. Сурбаран ж-а Б. Э. Му­рильонун таасиринде өнүккөн. Живописчи Г. Вас­кес (17-к.) реалисттик портреттерди, пейзаждар­ды, диний ж-а жанрдык сүрөттөрдү тарткан. Көз карандысыздык жарыялангандан кийин К. иск-восунда улуттук стиль калыптанган. 1886-ж. Боготада Улуттук иск-во мектеби ачыл­ган. 20-к-да сүрөт өнөрүндө костумбризм өнүгүп, модернизм м-н авангардизм (А. Обрегон, Э. Ра­мире Вальямисар) реалисттик салтта өнүккөн агымдар м-н канатташ өкүм сүргөн. 20-к-да К. скульпторлору (скульптор Р. Росо) индейлердин салттарына кайрылышкан. 20-к-дын 2-жары­мында К. иск-восуна абстракционизм агымы (живописчилер М. Оспина ж-а Г. Видеманн, скульптор Э. Негре) таасирин тийгизген. 19–20- к-да К. арх-расында АКШ ж-а европ. өлкөлөрдүн арх-расынын таасири м-н К-да неоготика (Ипья­лестеги Лас-Лахас чиркөөсү, 1916–49), кийин модерн кеңири тараган. 2-дүйнөлүк согуштан кийин функционализм (Х. Л. Серт ж-а Ле Кор­бюзье) өнүккөн.
К-нын музыка өнөрү креол, индей ж-а афри­калык муз. салттардын айкалышынан жарал­ган. 1847-ж. К-да биринчи симф. оркестр м-н Боготада Филармониялык коом түзүлүп, «Эс­фирь» аттуу биринчи колумбиялык опера жа­зылган (автору Х. М. Понсе де Леон). 1887-ж. итал. эмигрант О. Синдичи улуттук гимндин «Өчпөс даңк» музыкасын жазган. Белгилүү ком­позиторлор: Г. Фернандес Идальго, Х. Де Хер­рера (16–18-к.), Г. Урибе Ольгин, Л. А. Эско­бар, Х. Росо Контрерас, Б. Э. Атеортуа, Ж. Нова (20-к.), музыка таануучу: Х. И. Педромо Эско­бар. 1936-ж. Боготада дирижёр Г. Эспиноса Грау Улуттук симфониялык оркестрди (1952-жыл­дан Колумбиянын симф. оркестри) негиздеген.
К-нын ири муз. окуу жайы – Боготадагы Улут­тук консерватория (1882; 1909-жылга чейин Улуттук муз. академия).
К-да театр иск-восу 16-к-да пайда болгон. 1790-ж. Кали ш-нда алгачкы улуттук трагедия­сы «Ракель» (автору белгисиз) көрүүчүлөргө тар­тууланган. 1792-ж. Боготада (Санта-Фе) бирин­чи «Колисео» театры курулган. 17-к-да Ф. Фер­нандес де Валенсуэла ж-а Х. де Куэто-и-Мена ж. б. драматургдардын чыгармаларында улут­тук салттар пайда болгон. 19-к-дын ортосун­да Л. М. Льерас европ. авторлордун пьесаларын которуп, Боготада өз театрын ачып, анын ал­дында актёрдук чеберчилик өнөрканасын – өлкөнүн биринчи театр мектебин түзгөн. Роман­тикалык маанайдагы (Х. М. Вергара-и-Верга­ра, С. Перес ж. б.), детектив жанрындагы («Па­риж полициясы», 1882) алгачкы чыгармалар жаралган. 1877-ж. К-да биринчи курчак театры түзүлгөн. 19-к-дын ортосунда драматургияда ко­стумбризм (Х. Т. Сампер, Х. М. Маррокин ж. б.) алдыңкы орунду ээлеген. 20-к-дын ортосунда К. театры төмөндөй баштаган. Театрдын ки­йинки жылдардагы өнүгүшү А. Альварес Льерас, Л. Э. Осорио ж. б. драматургдардын ишмер­диктерине байланыштуу. 1940-жылдары радио­театр өнүккөн (О. Диас Диас). К-да 1950-жыл­дын ортосунан театр өнөрү жанданып, Богота, Кали, Медельин ш-нда улуттук драма мектеп­тери түзүлгөн. Манисалесте ун-ттик (1968) ж-а эл аралык театрлардын (1972) фестивалдары өткөрүлөт. 1970–80-жылдары 100 театр коллек­тиви Колумбия театр корпорациясына (1970) бириккен. 20–21-к-дын чегинде Боготада «Теат­ро Петра» (жетекчиси Ф. Рубиано), «Театро Вре­ве» (В. Вивьескас) «Мапа Театро» (Р. ж-а Э. Аб­дерхальдендер) ж-а Медельинде «Театро Мата­канделас» (К. Пелаэс) театрлары көрүнүктүү роль ойноодо. 1988-жылдан Боготада дүйнөдөгү эң чоң фестивалдардын бири – Ибер-амер. театр фес­тивалы (уюштуруучусу белгилүү актриса ж-а театр ишмери Ф. Микей), 2002-жылдан Меде­льинде жыл сайын Колумбиялык театр фести­валы өткөрүлөт. 1908-ж. итал. бир туугандар Ф. ж-а В. Ди Домениколор К-да кино прокат фирмасын түзүшкөн. Либералдар партиясынын башчысы, генерал Р. Урибенин өлүмү ж-дөгү «15-декабр­дагы драма» (1915) аттуу К-нын биринчи филь­мин тартышкан. А. дель Дьестро ж-а М. Каль­вонун «Мария» (1922, Х. Исаакстын романы б-ча) ж-а бир туугандар Ди Домениколордун «Аура, же Фиалкалар» (1923, Х. М. Варгас Ви­ланын романы б-ча) кинотасмалары ири ийги­ликтерге ээ болгон. 1941-ж. Кальво «Өрөөндүн гүлдөрү» аттуу биринчи үндүү киносун койгон. Улуттук кино өндүрүшү 1960-жылдары жого­рулай баштап, көркөм («Таш тамырлар», 1963, Локарнодогу ЭКФтин сыйл.; «Кесилген мери­диан» 1968, реж. Х. М. Арсуаги) ж-а саясий да­ректүү фильмдер тартылган. 1979-ж. Боготада ФОСИНЕ (кинематография өнүгүшүнө көмөктө­шүү фонду) мамл. кино уюму түзүлгөндөн ки-

йин, кино өндүрүшү жогорулай баштаган. 1980- жылдары С. А. Соловьёвдун «Тандалгандар», (1983); Куба м-н биргеликте тартылган Х. Али Триана «Өлүүчү мезгил», (1985); Л. Дуке Наран­хонун «АКШ визасы» (1986); С. Кабреранын «Эрөөлдүн техникасы» (1988) ж. б. кинотасма­лары жарык көргөн. 1992-ж. ФОСИНЕ жабы­лып, 1997-ж. К. мад-т министрлигинин алдын­да Кинематография дирекциясы ж-а Колум­биялык кинону колдоо ж-а алдыга жылдыруу бириккен фонду түзүлгөн. 2000-жылдары Р. Триана («Мышык чычкан ойнундай», 2001; «Кыялдануу зыяндуу эмес», 2006), Л. А. Рест­репо («Биринчи түн», 2003), С. Герра («Жөө ки­шинин көлөкөсү», 2004), А. Баиса («Сатана», 2007) ж. б. режиссёрлор мыкты фильмдерди жа­ратышты. Жылына Эл аралык кинофестиваль (1961-жылдан Картахенада), улуттук кино фес­тиваль (1983-жылдан Боготада) өткөрүлүп турат.


Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка. М., 1958; Культура Колумбии. М., 1974; Поэзия Колумбии. М., 1991; Колумбия// БРЭ. Т. 14. М., 2009.

Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.