КОЛУМБИЯ
КОЛУ́МБИЯ , К о л у м б и я Р е с п у б л ик а с ы – Түш. Американын түн.-батыш бөлүгүндө жайгашкан мамлекет. Батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Кариб деңизи м-н чулганат. Түн.-батышынан Панама, түн.-чыгышынан Ве-

несуэла, түш.-чыгышынан Бразилия, түштүгүнөн Перу, түш.-батышынан Эквадор м-н чектешет. Аянты 1141,7 миң км2 (Латын Америкасында 5-орун). Калкы 44,44 млн (2008; Латын Америкасындагы Бразилия, Мексикадан кийин 3-
орун). Борбору – Санта-Фе-де-Богота (Богота).
Расмий тили – испан тили (этностук топтордун
тилдери да өздөрү жашаган жерлерде расмий тил болот). Акча бирдиги – колумбия песосу. Адм.-
айм. жактан 32 департаментке ж-а 1 борб. округга бөлүнөт (к. таблицаны).

К. – БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1946), Америка өлкөлөрү уюмунун (1948), Анд тобунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), МЕРКОСУРдун (2004-жылдан ассоциациялашкан) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-ж. 4-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент, эл тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Конгресс (Сенат ж-а Өкүлдөр палатасынан турган парламент 4 жылга шайланат). Сенатка улуттук округдардан 100, индейлер жамаатынан 2, Өкүлдөр палатасына 166 сенатор шайланат. Аткаруучу жогорку органы – улуттук өкмөт (президент, министрлер – кабинеттин мүчөлөрү ж-а адм. бөлүмдөрдүн директорлору). Өкмөт парламент алдында жооптуу. К-да көп партиялуу система орун алган. Белгилүү партиялары: К. либералдар партиясы, К. консерваторлор партиясы, «Биринчи кезекте – Колумбия», Патриоттук союз.
Табияты
. К-нын аймагында бийик Колумбия Анд тоолору, Кариб деңизин ж-а Тынч океанды жээктей жаткан ойдуңдар, Амазонка ойдуңунун батыш бөлүгү, Льянос-Ориноко өзгөчөлөнүп турат. Тоолор өлкөнүн 33%ке жакын аймагын ээлейт. Колумбия Анд тоолору өлкөнүн батыш бөлүгүндө бири-бирине дээрлик жарыш созулуп, Чыгыш, Борб., Батыш ж-а Жээк Кордильера

Анд тоолорун камтыйт. Алар бири-биринен Каука ж-а Магдалена д-нын өрөөндөрү аркылуу бөлүнөт. Чыгыш Кордильера бийик (5000 мден ашык) ж-а жазы (270 кмге чейин) келип, кырына байыркы ж-а азыркы мөңгүлөр пайда кылган рельефтин формалары мүнөздүү. Эң бийик
жери – 5775 м (Кристобаль-Колон чокусу). Борб.
Кордильера – Колумбия Анд тоолорунун эң бийик кырка тоосу (5750 м – Уила; Руис жанартоолору). Мында аракеттеги (бийикт. 4500 м) ж-а өчкөн жанартоолор арбын, Батыш Кордильера Колумбия Анд тоолорунун эң жапыз бөлүгү (негизинен бийикт. 3000 м чамасында),

байыркы ж-а азыркы вулканизм мүнөздүү. Жээк Кордильерасы – Анд тоолорунун эң кийин (жаш)
пайда болгон бөлүгү (бийикт. 1810 мге чейин); капталдары салыштырмалуу тик. Кариб деңизинин жээк түздүгүн мезгил-мезгили м-н суу каптап турат, агын суулардын өрөөндөрү м-н тилмеленген. К-нын түздүктүү чыгыш бөлүгүн калдык тоолуу бөксө тоолор ээлейт. Амазонка ойдуңу Амазонка д-нын көптөгөн куймалары м-н тилмеленген. Льянос-Ориноконун К-нын четиндеги бөлүгү – деңиз деңг. 350 м бийиктикте
жаткан ж-а өтө тилмеленген түздүк. Тектон. жактан К-нын батыш бөлүгү Түштүк Америка платформасына, батышы Чыгыш Тынч океан кыймылдуу алкагынын Анд бүктөлүү кырчоосуна кирет. Маанилүү кен байлыктары: нефть, газ, темир, никель, жез, фосфорит, зымырыт (изумруд).
К. экватор ж-а субэкватор климат алкактарында жайгашкан. Жеринин деңиз деңг. бийиктигине жараша К-нын аймагы төмөнкү климаттык алкактарга бөлүнөт: тьерра кальенте (ысык алкак), тьерра темплада (мелүүн алкак), тьерра фриа (суук алкак), тьерра элада (субниваль ж-а ниваль алкактары), аска-зоокалуу, кардуу алкак. Өлкөнүн аймагы б-ча темп-ранын ж-а нымдуулуктун зор айырмачылыгы мүнөздүү. Аба массаларынын циркуляциясы негизинен ички тропиктик конвергенция зонасынын жайгашуусуна байланыштуу. Жайында ал өлкөнүн түн. аймагында, кышында түштүгүндө жайгашат. К-нын түн. бөлүгүнө бир кургакчыл, бир нымдуу сезон мүнөздүү. Борб. ж-а түш. аймактарында андай сезондор экиден болот. Колумбия Анд тоолору нымдуу тынч океан ж-а амазонка аба массаларынын жолуна тоскоол болуп турат. Тьерра кальенте өлкөнүн аймагынын 85%ин (1000 м бийиктикке чейин) ээлеп, Колумбия Анд тоолорунун этек бөлүктөрүн, Тынч океандын жээк түздүктөрүн, Амазонка ойдуңун, Льянос-Оринокону, Магдалена өрөөнүнүн басымдуу ж-а Каука д-нын өрөөнүнүн бир аз бөлүктөрүн камтыйт. Абанын жылдык орт. темпрасы 24–28°С. Темп-ра сутка ичинде анча көп
өзгөрбөйт. Тынч океандын жээк түздүктөрү –
Жер шарындагы эң нымдуу жерлердин бири, анда жаан-чачындын көп жылдык орт. өлчөмү
9000 ммге жетет (Чоко департаментинде); Тутунендо метеорол. станциясында 11 700 мм жаагандыгы катталган. Амазонка ойдуңунун батышында 5000 ммден чыгышында 2000 ммге чейин азаят. Кариб деңизинин жээгинде ж-а Льянос-Оринокодо пассатка байланыштуу кургакчыл ж-а нымдуу сезондор даана байкалат. Нымдуу сезондо (май, октябрь) алаамат ташкындоо болуп турат. К-нын эң кургакчыл жери – Гуахира ж. а. (мында жаан-чачын 300 ммден аз түшөт). Тьерра темплада (өлкөнүн аймагынын 8%и) Колумбия Анд тоолорунун, о. эле Магдалена, Каука өрөөндөрүнүн капталдарын (1000–
2000 м бийиктиктерди) камтыйт. Абанын жылдык орт. темп-расы 17–24°С, темп-ранын жылдык амплитудасы 2°Сден ашпайт. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1500–3000 мм, узакка созулган ак жаан болуп турат. Абанын нымдуулугу дайыма жогору. Тьерра фриа (6%) 2000–
3000 м бийиктиктерде жайгашкан аймактарга мүнөздүү. Бул алкакка (тоо аралык плато, ойдуңдарга) «түбөлүк жаз» климаты мүнөздүү; абанын жылдык орт. темп-расы 12–17°С, темп-ранын сутка ичиндеги амплитудасы 20°Сге чейин жетет, түн ичинде 0°Сден төмөн түшкөн учурлар да болот. Жаан-чачыны жыл ичинде жээк түздүктөрүнө караганда салыштырмалуу бир кылка жаайт; нымдуу эки (күзүндө ж-а жазында) ж-а кургакчыл эки сезон болот. Жылдык
жаан-чачыны 1000–2000 мм; дээрлик туман басып турат. Тьерра элада 3000–4000 м бийиктикке мүнөздүү. Айлык орт. темп-расы 13–16°С,
темп-ранын суткалык амплитудасы жогору. Андан жогору аска-зоокалар жайгашкан; кар
чегинин орт. бийикт. 5000 м. К-нын дарыялары өтө жыш, негизинен жамгыр суусунан куралат; босоголуу. Негизги дарыялары: Магдалена (Каука м-н кошо), Атранто (Кариб деңизине
куят); Ориноконун куймалары – Гуавьяре,
Мета; Амазонканын куймалары – Путумайо
ж-а Какета. Чыгыш Кордильерада ж-а түндүктөгү ойдуңдарда көлдөр көп. Жер астындагы сууларга да бай.
Эң нымдуу аймактары (Тынч океан жээгиндеги түздүктөр, Амазонка ойдуңу ж. б.) ж-а тоо этектери – дайыма жашыл жыш токой – гилея
же сельва (кызыл-сары латерит топурактуу), сезондуу нымдуу аймактары (Мета түздүктөрү) –
кызыл топурактуу льянос саваннасы, а. и. саздуу (Кариб бою ойдуңу) же жалбырагын күбүүчү дайыма жашыл (негизинен тоолордо; күрөңкызыл латериттешкен топурактуу), түн.-чыгыш
чет жакасы ксерофилдүү бадалдар ж-а кактус
м-н капталган. Анд тоолорунун нымдуу капталдарында бийиктик алкактуулук даана байкалат: тоо гилеясы (тропиктик туман токою)
3000–3200 м бийиктиктен жогору экватордук
бийик тоо шалбаасы – парамос, 4700–4800 м
бийиктикте кар зонасы м-н алмашат. Анддын
бөксө тоолорунун, ички капталдарынын ж-а
өрөөндөрүнүн өсүмдүктөрү адам баласынын чарбалык аракетинен өтө өзгөрүп кеткен. Токоюнда маймыл көп, о. эле тапир, илендилер, ягуар,
кумурскачылар, кескелдириктер – игуан ж. б.
мекендейт; сууларында крокодил, балыктар –
пиранья ж. б. бар.
К-да 41 улуттук парк, 9 фауна ж-а флора резерваты, 2 улуттук корук, 3 экол. корук бар. Жалпысынан өлкөнүн аймагынын 10%ке жакыны корголот. Эң ирилери: Амазонияда –
Чирибикете (аянты 1,28 млн га), Рио-Пуре (1 млн га), Кауинари, Колумбия Анд тоолорунда – Эль-Кокуй, Кордильера-лос-Пикачос улуттук парктары. Лос-Катиос Улуттук паркы (Тынч океан жээгинин бир бөлүгү), Мальпело фауна ж-а флора резерваты (аты окшош аралды ж-а Тынч океандын аралды чулгаган акваториясын камтыйт) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Калкы
. Басымдуу бөлүгү (94,6%и) испан тилинде сүйлөгөн – колумбиялыктар; анын 30%и актар, 51%и метистер, 10,6%и негрлер, 31%и самбо. Индейлер 3,4%ти түзөт, алардын көбү – аравиктер (0,4%), а. и. гуахиралар (0,3%тен ашык), паэс (0,3%), чако (0,2%), чибча, тукано, кечуа ж. б. 2007-ж. төрөлүү 1000 адамга 20,2, өлүм-житим 5,8 адам болгон. Өмүрдүн орт. узактыгы 72,3 жыл (эркектер – 68,4, аялдар – 76,3 жыл). Курактык түзүлүшүндө балдардын (15 жашка чейинки) үлүшү 29,8%, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–65 жаш) 64,8%, 65тен ашкандар 5,4%. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 39 адам. Калкынын көбү өлкөнүн батыш (тоолуу) бөлүгүндө ж-а тоо аралык өрөөндөрүндө отурукташкан (бул аймактарда калктын орт. жыштыгы: 1 км2де 100 адамдан ашат). Шаар калкы 73%ке жакын (негизинен калктын шаарларга көп көчүп келүүсүнөн көбөйгөн). Ири шаарлары: Богота (калкы 7137,8 миң; 2008), Медельин (2283,4 миң), Кали (2167,5 миң), Кукута (589,6 миң), Соледад (524,5 миң), Букараманга (516,9 миң), Ибаге (488,3 миң). Өтө жакыр жашагандар К-нын калкынын 49,2%ин түзөт (2005). Өлкөнүн калкынын 90%и – католиктер; 3–13,5%и – протестанттар.
Тарыхы
. Археол. табылгалар К. аймагында адам соңку плейстоценден (мындан 12–11 миң жыл мурда) баштап жашаганын далилдейт. Бул мезгилге таандык сөөк, таш куралдар Сабанаде-Богота бөксө тоосундагы байыркы турак жайлардан табылган. Батыш К-да мындан 7–6 миң жыл мурда дыйканчылык пайда болгон. Б. з. ч. 4–2-миң жылдыктарда К-нын Кариб деңиз жээгинде шакек сымал кыштактар (Монсу, Пуэрто-Ормига ж. б.) болгон. Ал жерден геом. оймочийме түшүрүлгөн карапа, таш куралдары табылган. К. аймагын байыртадан индейлер (16- к-дын башында индейлердин саны 2 млндой болгон) мекендеген. 15–16-к-да К-ны испандар каратып, аны Жаңы Гранада деп атаган. Анын губернатору болуп Хименес де Кесада дайындалган. Жаңы Гранада 1549-ж. аудиенсия, 1564-ж. Перу вице-королдугунун курамындагы пресиденсия статусуна ээ болгон. 1717-ж. ал вице-королдукка айланып, курамына Эквадор, Венесуэла ж-а Панаманын азыркы аймактары кирген. Жаңы Гранаданын экон. өсүшүнүн негизги формасы энкомьенда болгон. Жээк аймактарында плантациялык чарба (кофе, банан, бал камыш өстүрүлгөн), борбордо ж-а чыгыш райондорунда зымырат, алтын, күмүш кендери иштетилген. 17-к-дын аягында колониялаштыруудан индейлердин саны азайып, Африкадан кул негрлерди алып келе башташкан. Элдин көпчүлүгүн креолдор түзгөн. 18-к-дын аягында Жаңы Гранада м-н метрополия ортосундагы мамиле курчуй баштаган. Испан бийлигинин экон. саясаты элдин нааразылыгын туудурган. 1810-ж. 20-июлда испан үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүш чыгып, ал Латын Америкасындагы көз карандысыздык үчүн согуштун негизги бөлүгүнө айланган. Көтөрүлүшчүлөр вице-королду кетирип, рев-ялык хунта деп аталган өз өкмөтүн түзүшкөн. 1811-ж. ноябрда Жаңы Гранада Кошмо провинциялар конфедерациясын түзүү ж-дө актыга кол коюлган. Мамл. түзүлүш формасы (унитардык же федералдык республика) ж-дө маселени талкуулоодо пикир келишпестиктер пайда болуп, федералисттер м-н централисттердин ортосунда күрөш күч алган. Провинцияларда ж-а шаарларда көз карандысыз башкаруу органдары (хунталар) түзүлүп, өздөрүнүн эгемендигин жарыялашкан. 1812–13-ж. С. Боливар жетектеген күчтөр Жаңы Гранаданын көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшкө катышкан. Жаңы Гранада м-н Венесуэла патриотторунун биргелешкен күчтөрү испан аскерлерин талкалап, 1819-ж. 17-декабрда Ангостура (азыркы Сьюдад-Боливар, Венесуэла) ш-нда Улуу Колумбия федерациялык респ. (курамында Жаңы Гранада ж-а Венесуэла) түзүлгөн. С. Боливар Улуу Колумбия президенти, Ф. де Паула Сантандер вице-президенти болуп дайындалган. Экон. ж-а саясий байланыштар болбогондуктан, 1830-ж. Улуу Колумбия өз алдынча мамлекеттерге (Венесуэла, Эквадор, Жаңы Гранада) бөлүнүп кеткен. 1832-ж. Жаңы Гранада (курамына Панаманын азыркы аймагы кирген) конституция кабыл алып, президенттикке Ф. де Паула Сантандер шайланган. 1830-жылдары Жаңы Гранадада эки ири партия (консервативдик ж-а либералдык) түзүлгөн. Консерваторлор (боливарчылар) католик чиркөөсү м-н союздаш, борбордошкон күчтүү мамлекет түзүүнү максат кылса, либералдар (сантандерчилер) федерализм принциптерин ж-а жалпыга бирдей шайлоо укугун жакташкан. 1845-ж. консерва-

тивдик партиянын өкүлү генерал Т. С. де Москера-и-Арболеда өлкөнүн президенти болгондон кийин экон. реформаларды жүргүзгөн. 1851-ж. Жаңы Гранадада кул сатуу жоюлган. 1863-ж. мамл. түзүлүштүн федерациялык бийликтин формасын бекемдеген конституция кабыл алынган. Чиркөө мамлекеттен бөлүнгөн, респ. Колумбия Кошмо Штаты деп аталган. Президент Р. Нуньес Моледонун убагында (1880–94; үзгүлтүк м-н) К-да мамл. түзүлүштүн унитардык системасын бекемдеген жаңы конституция кабыл алынган (1886). Мамлекет Колумбия Республикасы деп аталган. 1890-жылдары Р. Нуньес Моледо өлгөндөн кийин бийликте калган консерваторлор м-н либералдардын ортосундагы каршылашуудан чыккан «миң күндүк» жаран-
дык согушта (1899–1902) 100 миңден ашык колумбиялыктар өлгөн. 19-к-дын 2-жарымында Панама мойногунда океан аралык канал куруу долбооруна байланыштуу К-га таасирин күчөтүү үчүн Улуу Британия м-н АКШнын ортосунда күрөш курчуган. АКШ каналга ээ болуу максатында Панама департаментин К-дан бөлүүгө аракет жасаган. Натыйжада 1903-ж. ноябрда АКШнын колдоосу м-н Панама К-дан бөлүнүп, өз алдынча Панама мамлекети түзүлгөн. 20-кдын башында К-нын экономикасы бир кыйла өнүгүүгө (т. ж. салынып, кен иштетилген, текстиль ө. ж-лары курулуп, кофе, банан плантациялары кеңейтилген ж. б.) жетишкен. 1- дүйнөлүк согуш жылдарында АКШ К. экономикасынын маанилүү тармактарынан британ капиталын четтеткен. К-нын киреше бере турган ири аймактары амер. компаниялардын колуна өткөн. Чет элдик капиталдын басымдуулугу улуттук буржуазия ж-а жумушчулар кыймылынын нааразылыгын туудурган. 1919-ж. Колумбия Социалисттик партиясы, 1926-ж. Боготада түзүлгөн Рев-ялык-соц. партиянын базасында 1930-ж. Колумбия Коммунисттик партиясы түзүлгөн. 1934-ж. солчул либералдар өкүлү А. Лопес Пумарехо К-нын президенти болуп шайланып, 1886-жылдагы конституцияны кайра карап чыгып, жумушчуларга иш таштоо укугун берүү, 8 сааттык иш күнүн киргизүү, жыл сайын эмгек өргүүсүнө, оору же жумушсуздук б-ча жөлөкпул төлөө, профсоюз түзүү ж. б. толуктоолорду киргизген. Өндүрүштү жөнгө салуу ж-а ө. ж-ды өнүктүрүү максаты м-н өлкөнүн экономикасын көзөмөлдөө үчүн өкмөткө укук берилген. Боготада ун-ттик шаарча курулуп, билим берүү мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн. 1938-ж. өлкөдөгү жүргүзүлгөн радикалдуу реформалар консерватордук оппозициянын нааразылыктарын пайда кылып, А. Лопес Пумарехо отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Өлкөнүн президенттигине оңчул либерал Э. Сантос Монтехо шайланып, прогрессивдүү кайра түзүүлөрдү токтоткон. К-нын АКШга экон. ж-а саясий көз карандылыгы күчөгөн. 1942-ж. А. Лопес Пумарехо президенттик шайлоодо кайрадан жеңишке ээ болгон. 1943-ж. ноябрда анын өкмөтү Германияга согуш жарыялаган. К. согуштук аракеттерге катышкан эмес, бирок антигитлердик коалиция мамлекеттерине жардам (сырьё ж-а азык-түлүк) берген. 2-дүйнөлүк согуш учурунда өлкөнүн экономикасы жогорулаган. 1946-ж. президенттик шайлоодо Консерватордук партиянын өкүлү М. Оспина Перес жеңип чыгып, бийликке келген консерваторлор демокр. күчтөргө каршы террор компаниясын уюштурушкан. Буга жооп катары Либералдар партиясы өкмөт ж-а парламенттен өз өкүлдөрүн чакырып алган. Өлкөдө башталган иш таштоолор, жалпы стачкага айланган. Оппозициянын башчысы Х. Э. Гайтандын өлтүрүлүшү элдик көтөрүлүшкө алып келип, ал жарандык согушка айланган. 1957-ж. консервативдик ж-а либералдык партиялар Улуттук фронт коалициясын түзүү ж-дө өз ара макулдашкан. Анда 1958-жылдан бул партиялардын өлкөнү 16 жыл тең укукта башкаруусу каралган. 1960-жылдардын башынан тартып, Улуттук фронт саясаты бардык коомдук турмушту кучагына алган терең кризиске учураган. Баңги зат өндүрүү күч алган. 1974-ж. паритеттик башкаруу мөөнөтү аяктаган. Өлкөгө жаңы президент либерал А. Лопес Микельсен шайланып, анын экономиканы көтөрүүгө ж-а чет элдик капиталга көз каранды болбоого жасаган аракеттери өлкөдөгү саясий кырдаалды жакшырта алган эмес. 1970-жылдары К-да жаңы партизандык уюмдар пайда болгон. 1978-ж. президенттикке шайланган либералдык партиянын өкүлү Х. С. Турбай Аяланын учурунда К-нын экономикасы өнүккөн, бирок ал инфляция ж-а элдин турмуш деңгээлинин төмөндөшү, жарандык согуштун күчөшү м-н коштолгон. 1980-жылдары К-да ири наркокартелдер (а. и. Медельин ж-а Кали) түзүлүп, өлкөнүн саясатына ж-а экономикасына тескери таасирин тийгизип, куралдуу отряддарды каржылап турушкан. 2002-ж. оңчул либерал өкүлү А. Урибе Велес К-нын президенти болуп шайланган (2006-ж. экинчи мөөнөткө кайра шайланган). Анын өкмөтү АКШнын колдоосу астында наркобизнеске каршы күрөшүүдө. 2004- жылдан Патриот планын (көтөрүлүшчүлөр кыймылынын иш-аракеттерин токтотуу, Эквадор аймагында партизандык базаларды жок кылуу ж. б.) ишке ашырууда. 2008-ж. колумбиялык аскер кызматкерлери (14 адам, а. и. өлкөнүн президенттигине кандидат болгон И. Бетанкур да бар) туткундан бошотулган. Өлкөнүн ички саясий абалын тынчтык жол м-н жөнгө салууга аракеттенүүдө. Тышкы саясатта К-нын башкы партнёру – АКШ, о. эле Европа ж-а Азия- Тынч океан регионундагы мамлекеттер м-н мамилеси бекемделүүдө.
Чарбасы
. К. – Латын Америкасындагы туруктуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ИДПнин жалпы көлөмү (2007-ж. 319,5 млрд доллар) б-ча Латын Америкасында Бразилия, Мексика, Аргентина ж-а Венесуэладан кийинки 5-орунду ээлейт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 6,7 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,791 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен
75-орунду ээлейт; 2005).
Өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө 1990-ж. жүргүзүлгөн экон. реформа – адм.,
салык, банк, менчиктештирүү чаралары, о. эле
чет элдик инвестицияны тартуу, сырткы сооданы либералдаштыруу, региондогу өлкөлөр м-н экон. интеграцияны тереңдетүү б-ча мамл. саясат түрткү болгон. К-да ондогон эркин экон. зона
(а. и. өндүрүштүк ж-а ил.-тех., туристтик ж. б.) түзүлгөн. Экон. өнүгүүсү импорттоо моделинен экспорттоо багытына өтө баштаган. К-да жүргүзүлгөн экон. реформа «калтааруу терапиясын» киргизбегендиги, прагматизм ж-а консерватизм м-н мүнөздөлгөн, натыйжада региондогу башка
өлкөлөрдүн көбүнөн өзгөчөлөнүп, К-нын экономикасында кескин төмөндөөлөр болгон эмес. 21-к-дын башталышында өлкөнүн туруктуу
өнүгүүсүнө – отун-энергетика ресурстарынын
(нефть, газ, таш көмүр, гидроэнергия) ж-а кендин (никель, алтын, платина ж. б.) молдугу, о. эле жумушчу күчүнүн арзандыгы өбөлгө түзгөн. К. 2006-ж. экон. өсүүнүн темпи б-ча (6,8%) Латын Америкасында Венесуэла, Аргентина, Уругвайдан кийинки 4-орунду ээлеген. Эң жогорку темп – курулушта (14,4%), иштеп чыгаруу ө. ж-нда (10,8%) ж-а соодада (10,7%) байкалган.
Экон. өнүгүүсүндөгү азыркы негизги проблемалар – түшкөн кирешенин бирдей бөлүнбөшү
(өлкөнүн калкынын 10%ин түзгөн эң жакырларга кирешенин 7,9%и, ал эми 10%ин түзгөн бай адамдарга кирешенин 34,3%и бөлүнгөн), калктын басымдуу бөлүгүнүн жакырдыгы ж-а анын негизинде пайда болгон баңги зат өндүрүшү (эл аралык экон. ин-ттардын эсеби б-ча баңги бизнес чөйрөсүндө өлкөнүн ИДПсинин 1/ ге жакыны өндүрүлөт).
ИДПнин структурасында 52,4%ти тейлөө
чөйрөсү, 35,6%ти ө. ж., 12%ти а. ч., токой чарбасы ж-а балык кармоо түзөт. Чарбалык жактан тоо аралык Магдалена, Каука өрөөндөрү ж-а аларды чектеп турган Борб. ж-а Чыгыш Кордильера тоолорунун капталдары, о. эле Кариб деңизинин жээктери жакшы өздөштүрүлгөн, ал эми Тынч океандын жээктери, түздүктүү чыгыш ж-а түш.-чыгыш бөлүктөрү (Амазония, Льянос) анча өздөштүрүлгөн эмес.
К. – индустриялык өнүгүү темпи (9,4%; 2007)
б-ча Латын Америкасында Чили, Панамадан кийинки 3-орунда. Жеңил (кездеме, кийим ж-а бут кийим чыгаруу), тамак-аш, отун (нефть
өндүрүү ж-а ылгоо, газ өндүрүү, таш көмүр казып алуу) ж-а химия ө. ж. өнүккөн. Ал эми машина куруу, кара ж-а түстүү металлургия, курулуш материалдар (цемент), токой ж-а жыгач иштетүү ө. ж. экинчи мааниде. 2006-ж. 25,6 млн т нефть өндүрүлгөн. Нефть өндүрүлгөн негизги аймактары (50дөн ашык кени пайдаланылат): Магдалена д-нын өрөөнү, Кариб деңизинин жээги, өлкөнүн түн.-чыгышы ж-а түш.- батышы. Өндүрүлгөн нефтинин 57%и өлкө ичинде керектелет, 43%и экспортко (анын 80%и АКШга) чыгарылат. Табигый газ (6,4 млрд м3; 2006) адатта нефть м-н кошо өндүрүлүп (негизинен Гуахира департаментинде), дээрлик бардыгы өлкө ичинде пайдаланылат. Нефть ылгоочу
негизги борборлору – Барранкилья ж-а Карта-

хена. К-да таш көмүрдүн ири запасы бар. Казып алынган көмүрдүн өлчөмү (65,5 млн т) б-ча дүйнөдө 10-, Латын Америкасында 1-орунду ээлейт. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 13,3 миң МВт (2006). 2006-ж. 50,47 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 75%тейи ГЭСке таандык. 2006-ж. 644 миң т темир кенташ казылып алынып, 1,22 млн т болот өндүрүлгөн. Никель кенташынын запасы б-ча региондо Куба ж-а Доминика Респ-нан кийинки 3-орунду, ал эми никель кенташын казып алуу ж-а ферроникель эриндисин өндүрүү (52,7 миң т; 2007) б-ча дүйнөдө Япониядан кийинки 2-орунду ээлейт. О. эле жез, цинк, коргошун өндүрүлөт. К-нын аймагынан эзелтен эле алтын, күмүш, платина казылып алынган. Алтын казып алуу (2006-ж. 15,68 т; Латын Америкасыныкынын 8%и, дүйнөлүк алтындын 1%и) б-ча Перу, Бразилия, Чилиден кийинки 4-орунда турат. 18-к-да Антьокия кенинен дүйнөлүк алтындын 40%ке жакыны казылып алынган К. зымырыт (изумруд) казып алуу б-ча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; анын 90%и (5,73 млн кар) экспортко чыгарылат (дүйнөлүк экспорттун жарымына жакыны).
К-нын машина куруу ө. ж. өнүгүү деңгээли б-ча региондо Бразилия, Мексика, Аргентина ж-а Венесуэладан кийин турат. Электр-тех. (тиричилик электр приборлорун чыгарууну кошо), автомобиль, а. ч. машиналарын куруу (трактор ж. б. а. ч. техникасы), жыгач иштетүү, жеңил ж-а тамак-аш ө. ж. тармактары үчүн жабдууларды чыгаруунун, кеме ремонттоочу ж-а куруучу
ө. ж-нын мааниси зор. Машина куруу ө. ж-нын ири борборлору: Богота, Медельин, Барранкилья, Кили, Пальмира. Химия ө. ж. – орг. синтез продукцияларын (орг. кислота, спирт, альдегид, кетон, фенол ж. б.), полимер материалдарын (синтездик чайыр, пластмасса, хим. була, синтездик каучук ж-а резина), синтездик боёк ж. б. чыгарат; о. эле таза күкүрт, таш туз ж-а деңиз тузу өндүрүлөт. Жыгач (а. и. баалуу
дарактар – каоба, махагони, окатеа, хинна дарагы ж. б.) Тынч океандын жээгиндеги токойлордон даярдалат; Амазонияда да жыгач даярдоо ылдам өнүгүүдө. Цемент өндүрүшү (9,96 млн т) б-ча Латын Америкасында Мексика, Бра-
зилия ж-а Венесуэладан кийинки 4-орунду ээлейт.
Жеңил ө. ж. К-нын ички муктаждыгын толук камсыз кылат. Текстиль (айрыкча кебезкездеме, о. эле кылторко), тигүү, трикотаж, булгаары бут кийим ө. ж. өнүккөн. Тамак-аш
ө. ж. – кант, кофе, какао, эт, тамеки ж. б. чыгарат.
А. ч-га жарактуу жеринин жалпы аянты 42,56 млн га, а. и. айдоо жери 2 млн га (анын 0,58 млн гасы жүгөрү, 0,44 млн гасы шалы), көп жылдык өсүмдүктөрү 1,61 млн га, калганы шалбаа ж-а жайыт. Негизги иштетилүүчү жерлери (сугат жери 0,9 млн га) Чыгыш, Борб. ж-а Батыш Кордильеранын тоо аралык өрөөндөрү ж-а Кариб деңизинин жээктери же Башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк (а. ч. продукциясынын наркынын 58%и); анын кыйла бөлүгү экспортко багытталган. Экспорттук маанилүү
өсүмдүктөрү: кофе, бал камыш, гүл, банан. К. кофени жыйноо (дүйнөлүк жыйымдын 10%ке жакыны) ж-а экспорттоо (дүйнөлүк экспорттун 12%тейи) б-ча дүйнөдө Бразилия, Вьетнамдан

кийинки 3-орунда. Кофе өндүрүшү а. ч. дүң продукция наркынын 12,4%ин түзүп, анда 513 миң фермер чарбасы иштейт. Кофе плантациясынын жалпы аянты 874 миң га чамасында. Кофенин 95%и экспортко чыгарылат; анын негизги кардарлары: АКШ, Япония, Германия, Бельгия, Канада. Жыл сайын 22 млн т бал камыш (жашыл масса) даярдалып, 2,4 млн т кант өндүрүлөт. Гүл өстүрүү экспортко багытталган; К. үзүлгөн гүлдү даярдоо б-ча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири (238,6 миң т, 2007); негизинен –
атыр гүл, чеге гүл, хризантема, алстромерия өстүрүлөт. Гүл плантациясынын жалпы аянты 7,3 миң га чамасында. Аны экспорттоо б-ча дүйнөдө Нидерланддан кийинки 2-өлкө. Гүл сатып алуучу негизги өлкөлөр: АКШ (80%и), Россия, Улуу Британия, Канада, Япония, Германия. Банан да маанилүү экспорттук продукцияга кирет; банан өндүрүшү (2007-ж. 1,54 миң т ) б-ча дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөгө кирет; Латын Америкасында Бразилия, Эквадор, Коста- Рика, Мексикадан кийинки 5-орунда. Банандын
98%и (жылына 1,5 млн т ) экспортко чыгарылат. Өлкөнүн негизги азык-түлүгү – күрүч, жүгөрү, төө буурчак, тамыры азык өсүмдүктөр (айрыкча кассава, юкка), жашылча; о. эле май пальмасы, пахта, соя, кунжут, тамеки, о. эле мөмө-жемиш (шабдаалы, өрүк, кайналы, алмурут, алма), манго, цитрус ж. б. тропик өсүмдүктөрү өстүрүлөт.
Мал чарбасы ички муктаждыкты гана канааттандырат. 2004-ж. 24,95 млн баш кара мал, 2,15 млн баш кой, 1,25 млн баш чочко, 1,2 млн баш эчки болгон; мал көптүгүнө карабай, анын продукциясынын өлчөмү чектелүү. Балык да кармалат.
К. адатта «наркобарондордун чордону» делет:
кокаинди зор өлчөмдө өндүрүүчү ж-а экспорттоочу дүйнөдөгү өлкө. Дээрлик бардык жеринде курамында наркотика бар өсүмдүктөр (кока бадалы, кара куурай, апийим), мыйзамсыз өстүрүлөт. Мындай жерлерге АКШ м-н бирдиктеги «Колумбия планын» жүзөгө ашырууда абадан уулуу химикаттарды чачышат.
Транспорту
. Транспорттун негизги түрү автомобиль жолу (ага ички жүргүнчү ташуунун 95%и, жүк ташуунун 66%тен ашыгы, сырткы жүргүнчү ташуунун 6%и туура келет). Жалпы уз. 164,5 миң км. Негизги автомобиль жолдору: Богота – Хирардот – Ибаге – Фресно – Богота; Богота – Тунха – Букараманга – Санта-Марта – Барранкилья – Картахена; Букараманга – Кукута (Венесуэла м-н чек ара), Ипьялес (Эквадор м-н чек ара) – Пасто – Попаян – Кали – Бугалагранде – Ансерма – Медельин – Картахена ж. б. Панамерика шоссесинин (ал Каука д-нын өрөөнү м-н Медельин, Кали ш. аркылуу өтөт) мааниси зор. Т. ж. транспорту ички жүктүн (негизинен минералдык сырьё ж-а а. ч. продукциясы) 30%тен ашыгын ташыйт. Т. ж-нун жалпы уз. 2,14 миң км. Дарыя транспорту ички жүктүн 2,6%ин, жүргүнчүлөрдүн 5%ке жакынын ташыйт. Өлкөнүн жетүүгө татаал айрым жерлерине жүк ташууда дарыя бирден-бир негизги жол болуп саналат. Ички суу жолунун пайдаланылган жалпы уз. 18,2 миң км. Эң маанилүү суу жолу – Магдалена д. (1100 км аралыкка кеме каттайт), анда дарыя транспортундагы жүктүн 55%ке жакыны, жүргүнчүнүн 40%тен ашыгы ташылат. О. эле Каука, Путамайо, Какета, Атранто, Сан-Хуан, Патия, Сину, Мета, Гуавьяре ж. б. дарыялары б-ча да кеме каттайт. Деңиз транспорту негизинен сырткы соода жүктөрүн ташыйт. Ири порттору: Кариб деңизинде – Барранкилья, Картахена, Санта-Марта, Тынч океандын жээгинде – Буэнавентура. Нефть ж-а нефть продукту куурларынын жалпы уз. 8,5 миң км, газ куурунуку 4,4 миң км. Өлкөдө жалпы 934 аэропорт бар; ирилери – Богота, Медельин, Барранкилья ж-а Кали ш-нда. Негизги экспорттук товарлары: нефть ж-а

нефть продуктулары, көмүр, кофе, ферроникель, гүл, банан, (изумруд) зымырыт, о. эле күндө керектелүүчү товарлар (кийим, текстиль, бут кийим, самын ж. б. косметика каражаттары), машина ж-а жабдуулар, химия, металлургия ө. ж. продукциялары; автомобиль куруу продукцияларын, алтын, пальма майын, кондитер продуктуларын экспорттоо тез темп м-н өсүүдө. Негизги кардарлары: АКШ, Венесуэла, Европа союзуна кирген өлкөлөр, Кытай, Мексика, Бразилия, Россия. Импортунда металлдан жасалган буюмдар, ө. ж. жабдуулары, дан эгин (буудай, жүгөрү), мал чарбасы үчүн тоют, хим. продукция, автомобиль, электр-жабдуулары, компьютер ж. б. техника, керектелүүчү товарлар басымдуу. Аларды негизинен АКШ, Кытай, Мексика, Бразилиядан алат.
Маданияты
Колумбияда билим берүүгө жалпы жетекчиликти Улуттук билим берүү министрлиги жүзөгө ашырат. Жогорку мамлекеттик билим жөнүндө мыйзам (1992-, 1999-, 2000-жылдары түзөтүүлөр киргизилген), Билим берүү жөнүндө жалпы (1994) мыйзам (1994), Этностук топторго билим берүү жөнүндө декрет (1995), Мектепке чейинки билим жөнүндө (1997), Жогорку техникалык билим жөнүндө (1997) жана башка мыйзамдар менен жөнгө салынат. Колумбия билим берүү системасы мектепке чейинки тарбияны (4–5
жаш) жана 10 жылдык (айылдарда 5 жылдык) милдеттүү окутууну (5–15 жаш) камтыйт. 15–16 жашта 2 жылдык академиялык же кесиптик-техникалык билим алышат. Жогорку окуу жайлары мамлекеттик жана менчик. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 92,8%ти түзөт (2005). Башкы университеттери, илимий мекемелери, китепканалары жана музейлери Богота, Ибага, Картахена, Медельин шаарларында, анын ичинде Колумбия Улуттук университети (1867). Мамлекеттик ири жогорку окуу жайлары: Попаяндагы Каука (1827), Пастодогу Нариньо (1827), Барранкильядагы Атлантико (1941) университеттери жана башкалар. Консерваториялары Ибага, Барранкилья, Попаян жана Санта-Мартада. Мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлары: Букараманги автономиялык (1952), Манисалестеги католик (1954), Барранкильядагы Түндүк университеттери (1966) жана башкалар. Илимий-изилдөө иштерин көптөгөн илимий мекемелери жүзөгө ашырат. Тарыхый жана диний искусство музейлери иштейт.
Улуттук ири басылмалары: жумасына чыгуучу «El Espectador» (1887), «Ei Tiempo» (1911), «El Nuevo Siglo» (1936), «Ia Republica» (1954), күнүнө чыгуучу аймактык «Ei Pais» (1950), «Ei Pueblo» (1972), «Ei Heraldo» (1933), «E i Colombiano» (1912) жана башка гезиттер. 1924-жылдан радио уктуруу, 1954-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Мамлекеттик көз карандысыз теле жана радиокомпаниялары бар. Маалымат агенттиги – Colpzensa (1980).
Колумбиянын адабияты испан тилинде өнүгүүдө. Индей урууларынын маданиятын (анын ичинде фольклорун) испан колониячылары XVI кылымда бүлүнткөн. XVII кылымда биринчи драматургиялык чыгармалар, XVIII кылымда испан үлгүсүндөгү тарыхый-турмуштук хроникалар (Х. Родригес Фрейле) жана поэзия (Х. де Кастельянос) пайда болгон. XVIII кылымдын аягы – XIX кылымдын башында агартуучулук багыт классицизмге ыктаган (А. Нариньо), чечендик өнөр (С. Боливар, Ф. А. Сеа жана башкалар), патриоттук поэзия, (Х. М. Саласар, Х. Фернандес Мадрид жана башкалар) өнүккөн. 1830–1900-жылдары романтизмдин гүлдөгөн мезгили болгон, тарыхый романдар жаралган. Х. М. Маррокин, Т. Карраскильянын чыгармачылыгында реалисттик жана натуралисттик тенденциялар байкалат. Колумбия адабиятындагы костумбристтик прозанын жана поэзиянын өкүлдөрү чыгармаларында элдин жашоо-тиричилигин чагылдырышкан. XX кылымдын башында модернисттик лирика, кийинчерээк авангардизм, психологиялык роман, сюрреализм өкүм сүргөн (Х. Э. Ривера, С. Урибе). Реалисттер социалдык тематикага кайрылышкан. XX кылымдын 2-жарымында магиялык реализмдин өкүлү Г. Гарсиа Маркес бүт дүйнөгө белгилүү болгон.
Колумбия аймагындагы байыркы сүрөт өнөр эстеликтери (карапа, сүрөт түшүрүлгөн алтын буюмдар) биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкка (Томака жана Илама маданияттары) таандык. Биздин замандын 1-миң жылдыгынын аягы – 2-миң жылдыгынын башындагы Сан-Агустин маданиятына (жаныбарлар менен кишилердин сүрөттөрү тартылган рельефтер, таш статуялар, дубалга түшүрүлгөн оймо-чийме сүрөттөр жана башкалар) болжол менен VI–X кылымдардагы Тьеррадентро (Каука департаменти) комплексинин искусствосу (склептер жана аларга алып барчу тепкичтүү таш жолдор, оймо-чиймелер менен кооздолгон жайлары) жакын. Муиск маданиятына (Сабана-де-Богота платосу) тумбагадан жасалган (жез менен алтындын куймасы) идолдор (тунхо) жана башкаларга таандык. Испандар келгенге чейинки Колумбия искусствосу Эквадор, Перу искусствосуна тектеш, биздин замандын 2-миң жылдыгынын аягында колумбиялык Амазония маданиятынын таасири тийген. Испан каратууларынын мезгилинде индей кыштагынын ордуна испан тибиндеги архитектуралык курулуштар тургузулуп, чиркөө искусствосу (Монгидеги жана башка чиркөөлөр) өнүккөн. Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнө караганда Колумбияда классицизм көбүрөөк өнүккөн
(Боготанын борбордук аянтындагы XVI–XIX кылымдарга таандык курулуштар: собор, архиепископ хан сарайы, Капитолий жана башкалар). Байыркы индей искусствосунун салттары европалык таасир менен ширелишип, индей чеберлеринин чыгармаларында сакталган. Колумбияда эң маанилүү живопись мектеби калыптанган. XVI кылымда испаниялык, италиялык чеберлер иштеген. Колумбия живописи XVII кылымдын 2-жарымынан Ф. Сурбаран жана Б. Э. Мурильонун таасиринде өнүккөн. Живописчи Г. Васкес (XVII кылым) реалисттик портреттерди, пейзаждарды, диний жана жанрдык сүрөттөрдү тарткан. Көз карандысыздык жарыялангандан кийин Колумбия искусствосунда улуттук стиль калыптанган. 1886-жылы Боготада Улуттук искусство мектеби ачылган. XX кылымда сүрөт өнөрүндө костумбризм өнүгүп, модернизм менен авангардизм (А. Обрегон, Э. Рамире Вальямисар) реалисттик салтта өнүккөн агымдар менен канатташ өкүм сүргөн. XX кылымда Колумбия айкелчилери (айкелчи Р. Росо) индейлердин салттарына кайрылышкан. XX кылымдын 2-жарымында Колумбия искусствосуна абстракционизм агымы (живописчилер М. Оспина жана Г. Видеманн, айкелчи Э. Негре) таасирин тийгизген. XIX–XX кылымдарда Колумбия архитектурасында Америка Кошмо Штаттары жана европалык өлкөлөрдүн архитектурасынын таасири менен Колумбияда неоготика (Ипьялестеги Лас-Лахас чиркөөсү, 1916–1949), кийин модерн кеңири тараган. 2-дүйнөлүк согуштан кийин функционализм (Х. Л. Серт жана Ле Корбюзье) өнүккөн.
Колумбиянын музыка өнөрү креол, индей жана африкалык музыкалык салттардын айкалышынан жаралган. 1847-жылы Колумбияда биринчи симфониялык оркестр менен Боготада Филармониялык коом түзүлүп, «Эсфирь» аттуу биринчи колумбиялык опера жазылган (автору Х. М. Понсе де Леон). 1887-жылы италиялык эмигрант О. Синдичи улуттук гимндин «Өчпөс даңк» музыкасын жазган. Белгилүү композиторлор: Г. Фернандес Идальго, Х. Де Херрера (XVI–XVIII кылымдар), Г. Урибе Ольгин, Л. А. Эскобар, Х. Росо Контрерас, Б. Э. Атеортуа, Ж. Нова (XX кылым.), музыка таануучу: Х. И. Педромо Эскобар. 1936-жылы Боготада дирижёр Г. Эспиноса Грау Улуттук симфониялык оркестрди (1952-жылдан Колумбиянын симфониялык оркестри) негиздеген.
Колумбиянын ири музыкалык окуу жайы – Боготадагы Улуттук консерватория (1882; 1909-жылга чейин Улуттук музыкалык академия).
Колумбияда театр искусствосу XVI кылымда пайда болгон. 1790-жылы Кали шаарында алгачкы улуттук трагедиясы «Ракель» (автору белгисиз) көрүүчүлөргө тартууланган. 1792-жылы Боготада (Санта-Фе) биринчи «Колисео» театры курулган. XVII кылымда Ф. Фернандес де Валенсуэла жана Х. де Куэто-и-Мена жана башка драматургдардын чыгармаларында улуттук салттар пайда болгон. XIX кылымдын ортосунда Л. М. Льерас европалык авторлордун пьесаларын которуп, Боготада өз театрын ачып, анын алдында актёрдук чеберчилик өнөрканасын – өлкөнүн биринчи театр мектебин түзгөн. Романтикалык маанайдагы (Х. М. Вергара-и-Вергара, С. Перес жана башкалар), детектив жанрындагы («Париж полициясы», 1882) алгачкы чыгармалар жаралган. 1877-жылы Колумбияда биринчи курчак театры түзүлгөн. XIX кылымдын ортосунда драматургияда костумбризм (Х. Т. Сампер, Х. М. Маррокин жана башкалар) алдыңкы орунду ээлеген. XX кылымдын ортосунда Колумбия театры төмөндөй баштаган. Театрдын кийинки жылдардагы өнүгүшү А. Альварес Льерас, Л. Э. Осорио жана башка драматургдардын ишмердиктерине байланыштуу. 1940-жылдары радиотеатр өнүккөн (О. Диас Диас). Колумбияда 1950-жылдын ортосунан театр өнөрү жанданып, Богота, Кали, Медельин шаарларында улуттук драма мектептери түзүлгөн. Манисалесте университеттик (1968) жана эл аралык театрлардын (1972) фестивалдары өткөрүлөт. 1970–1980-жылдары 100 театр коллективи Колумбия театр корпорациясына (1970) бириккен. XX–XXI кылымдардын чегинде Боготада «Театро Петра» (жетекчиси Ф. Рубиано), «Театро Вреве» (В. Вивьескас) «Мапа Театро» (Р. жана Э. Абдерхальдендер) жана Медельинде «Театро Матаканделас» (К. Пелаэс) театрлары көрүнүктүү роль ойноодо. 1988-жылдан Боготада дүйнөдөгү эң чоң фестивалдардын бири – Ибер - америкалык театр фестивалы (уюштуруучусу белгилүү актриса жана театр ишмери Ф. Микей), 2002-жылдан Медельинде жыл сайын Колумбиялык театр фестивалы өткөрүлөт. 1908-жылы италиялык бир туугандар Ф. жана В. Ди Домениколор Колумбияда кино прокат фирмасын түзүшкөн. Либералдар партиясынын башчысы, генерал Р. Урибенин өлүмү жөнүндөгү «15-декабрдагы драма» (1915) аттуу Колумбиянын биринчи тасмасын тартышкан. А. дель Дьестро жана М. Кальвонун «Мария» (1922, Х. Исаакстын романы боюнча) жана бир туугандар Ди Домениколордун «Аура, же Фиалкалар» (1923, Х. М. Варгас Виланын романы боюнча) кино тасмалары ири ийгиликтерге ээ болгон. 1941-жылы Кальво «Өрөөндүн гүлдөрү» аттуу биринчи үндүү киносун койгон. Улуттук кино өндүрүшү 1960-жылдары жогорулай баштап, көркөм («Таш тамырлар», 1963, Локарнодогу Эл аралык кино фестивалдын ЭКФтин сыйлыгы; «Кесилген меридиан» 1968, режиссёру Х. М. Арсуаги) жана саясий даректүү тасмалар тартылган. 1979-жылы Боготада ФОСИНЕ (кинематография өнүгүшүнө көмөктөшүү фонду) мамлекеттик кино уюму түзүлгөндөн кийин, кино өндүрүшү жогорулай баштаган. 1980- жылдары С. А. Соловьёвдун «Тандалгандар», (1983); Куба менен биргеликте тартылган Х. Али Триана «Өлүүчү мезгил», (1985); Л. Дуке Наранхонун «Америка Кошмо Штаттар визасы» (1986); С. Кабреранын «Эрөөлдүн техникасы» (1988) жана башка кино тасмалары жарык көргөн. 1992-жылы ФОСИНЕ жабылып, 1997-жылы Колумбия маданият министрлигинин алдында Кинематография дирекциясы жана Колумбиялык кинону колдоо жана алдыга жылдыруу бириккен фонду түзүлгөн. 2000-жылдары Р. Триана («Мышык чычкан ойнундай», 2001; «Кыялдануу зыяндуу эмес», 2006), Л. А. Рестрепо («Биринчи түн», 2003), С. Герра («Жөө кишинин көлөкөсү», 2004), А. Баиса («Сатана», 2007) жана башка режиссёрлор мыкты тасмаларды жаратышты. Жылына Эл аралык кинофестиваль (1961-жылдан Картахенада), улуттук кинофестиваль (1983-жылдан Боготада) өткөрүлүп турат.
Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка. М., 1958; Культура Колумбии. М., 1974; Поэзия Колумбии. М., 1991; Колумбия// БРЭ. Т. 14. М., 2009.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.