КОЛОМБО
КОЛО́МБО , К о л а м б а – Шри-Ланка арал
мамлекетиндеги шаар, Батыш провинциянын адм. борбору. 1983-ж. өлкөнүн борбору Шри- Джаяварденепура-Котте ш-на расмий көчүрүлгөн.
Шри-Ланка а-нын түш.-батыш жээгинде, Келани д-нын чатында жайгашкан. Инди океанындагы маанилүү деңиз жолдорунун кесилишиндеги порт (дүйнөдөгү эң чоң жасалма гавань, аянты 2,25 млн м2). Өкмөт ж-а президент жайы. Калкы 678 миң (2008, шаар айланасы м-н Чоң Коломбо шаар агломерациясын түзөт; калкы 2,5 млн). Шаарды көптөгөн каналдар түйүнү кесип өтүп, К-ну Бейра көлү (шаардын борборунда жайгашкан) м-н туташтырат. Маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. К-нун түн. ж-а түн.-чыгыш адм. чек арасы Келани д. аркылуу өтөт. 8-к-дан араб көпөстөрүнүн Каланпу деген аталыштагы кыштагы, 14-к-дан Колонтота деген ат м-н маанилүү соода борбору катарыбелгилүү.Ушулэлежерде1517-ж.португалдар Коломбо фортун негиздешип, 1593-ж. Х. Колумбдун урматына аташкан. К. 1802-жыл-

дан Цейлон мамлекетинин, 1948-жылдан Цейлон доминионунун, 1972-жылдан Шри-Ланка Респ-нын борбору.
Шаарда өлкөнүн финансы банк, камсыздандыруу ишканаларынын штаб-квартиралары ж-а Чоң К-до Шри-Ланкадагы 6 эркин экон. зонанын бешөө жайгашкан. Тамак-аш (корица ж. б. татымалдар), жеңил (булгаары буюм, кездеме ж. б.), хим. (пластмасса, жер семирткич ж. б.), кеме куруу ж-а ремонттоо, бут-кийим, металлургия, машина куруу (станок ж-а анын жабдуулары), айнек ө. ж. ишканалары, шина з-ду иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Улуттук ИА, ун-ттер (а. и. Видьяланкара будда), мамл. ил.-из. департаменти ж-а ин-ттары (а. и. Улуттук кеңеш, ө. ж. ж. б.), мед. ин-т, коллеждер (музыка, бий ж. б.), Улуттук музей (анын астында китепкана ачылган; анда тарыхый баалуу китеп, журналдар ж-а кол жазмалар сакталган), улуттук архив, обсерватория (1907), китепканалар, сүрөт гал., театрлар ж. б. бар. Фестивалдар (цирк артисттеринин Кэнди Эсала Перахера, августта; буддага арналган Дуруту Перахера, январда), чай аукциону (дүйнөдөгү эң ири) өткөрүлүп турат. К-дон түштүктө зоопарк уюштурулган. Аралдын тропиктик кооз табиятына байланыштуу туризм өнүккөн.