КОЛОМБО
КОЛО́МБО , К о л а м б а – Шри-Ланка арал мамлекетиндеги шаар, Батыш провинциянын административдик борбору. 1983-жылы өлкөнүн борбору Шри-Джаяварденепура-Котте шаарына расмий көчүрүлгөн.
Шри-Ланка аралынын түштүк-батыш жээгинде, Келани дарыясынын чатында жайгашкан. Инди океанындагы маанилүү деңиз жолдорунун кесилишиндеги порт (дүйнөдөгү эң чоң жасалма гавань, аянты 2,25 млн м2). Өкмөт жана президент жайы. Калкы 678 миң (2008, шаар айланасы менен Чоң Коломбо шаар агломерациясын түзөт; калкы 2,5 млн). Шаарды көптөгөн каналдар түйүнү кесип өтүп, Коломбону Бейра көлү (шаардын борборунда жайгашкан) менен туташтырат. Маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Коломбонун түндүк жана түндүк-чыгыш административдик чек арасы Келани дарыясы аркылуу өтөт. VIII кылымдан араб көпөстөрүнүн Каланпу деген аталыштагы кыштагы, XIV кылымдан Колонтота деген ат менен маанилүү соода борбору катары белгилүү.Ушул эле жерде1517-жылы португалдар Коломбо фортун негиздешип, 1593-жылы Х. Колумбдун урматына аташкан. Коломбо 1802-жылдан Цейлон мамлекетинин, 1948-жылдан Цейлон доминионунун, 1972-жылдан Шри-Ланка Республикасынын борбору.

Шаарда өлкөнүн финансы банкы, камсыздандыруу ишканаларынын штаб-квартиралары жана Чоң Коломбодо Шри-Ланкадагы 6 эркин экономикалык зонанын бешөө жайгашкан. Тамак-аш (корица жана башка татымалдар), жеңил (булгаары буюм, кездеме жана башкалар), химия (пластмасса, жер семирткич жана башкалар), кеме куруу жанаа ремонттоо, бут-кийим, металлургия, машина куруу (станок жана анын жабдуулары), айнек өнөр жай ишканалары, шина заводу иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Улуттук илимдер академиясы, университеттер (анын ичинде Видьяланкара будда), мамлекеттик илимий-изилдөө департаменти жана институттары (анын ичинде Улуттук кеңеш, өнөр жай жана башкалар), медициналык институт, коллеждер (музыка, бий жана башкалар), Улуттук музей (анын астында китепкана ачылган; анда тарыхый баалуу китеп, журналдар жана кол жазмалар сакталган), улуттук архив, обсерватория (1907), китепканалар, сүрөт галереясы, театрлар жана башкалар бар. Фестивалдар (цирк артисттеринин Кэнди Эсала Перахера, августта; буддага арналган Дуруту Перахера, январда), чай аукциону (дүйнөдөгү эң ири) өткөрүлүп турат. Коломбодон түштүктө зоопарк уюштурулган. Аралдын тропиктик кооз табиятына байланыштуу туризм өнүккөн.