КОЛМОГОРОВ Андрей Николаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛМОГО́РОВ Андрей Николаевич [12 (25). 4. 1903, Тамбов – 20. 10. 1987, Москва]

– орус ма­тематиги, СССР ИАнын академиги (1939), Соц. Эмг. Баатыры (1963). Москва ун-тин бүтүргөн (1925). Ил. эмгегин чыны­гы өзгөрмөлүү функциялар теориясынан баштаган. К. өлчөөлөр ж-а тригонометри­ялык катарлар, көптүктөр, интегралдар, функцияны жакындатуу теориялары б-ча маанилүү эмгектер жаз­ган. К. матем. ыкмалардын биология м-н тил илимин­де колдонулушун изилде­ген, о. эле ыктымалдык тео­риясым-нфункциялартеориясынизилдөөчүлөр мектебин түзгөн. Ал Париж ИАнын, Лондон королдук коомунун ж. б. чет элдик академия­лардын (Нидерланд, Польша, Румыния, АКШ), ил. мекемелер м-н коомдордун чет элдик мүчөсү. Эл аралык Больцано (1963), СССР мамл. (1941) ж-а Лениндик сыйл. (1965) лауреаты. 7 Ленин ордени м-н сыйланган.


Ад.: А. Н. Колмогоров в воспоминаниях учеников.
М., 2006.