КОЛМОГОРОВ Андрей Николаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛМОГО́РОВ Андрей Николаевич [12 (25). 4.1903-жылы туулган, Тамбов – 20. 10. 1987, Москва]-

– орус ма­тематиги, СССР ИАнын академиги (1939), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1963). Москва университетин бүтүргөн (1925). Илимий эмгегин чыны­гы өзгөрмөлүү функциялар теориясынан баштаган. Колмогоров өлчөөлөр ж-а тригонометри­ялык катарлар, көптүктөр, интегралдар, функцияны жакындатуу теориялары боюнча маанилүү эмгектерди жаз­ган. Колмогоров математикалык ыкмалардын биология м-н тил илимин­де колдонулушун изилде­ген, ошондой эле ыктымалдык тео­риясы м-н функциялар теориясын изилдөөчүлөр мектебин түзгөн. Ал Париж ИАнын, Лондон королдук коомунун ж. б. чет элдик академия­лардын (Нидерланд, Польша, Румыния, АКШ), илимий мекемелер м-н коомдордун чет элдик мүчөсү. Эл аралык Больцано (1963), СССР мамлекеттик (1941) ж-а Лениндик сыйлыктардын (1965) лауреаты. 7 Ленин ордени м-н сыйланган.


Ад.: А. Н. Колмогоров в воспоминаниях учеников. М., 2006.