КОКС ХИМИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКС ХИМИЯСЫ – химиянын табигый отун­дардан хим. заттарды, металлургияга керек бо­луучу коксту өндүрүү ишин изилдөөчү ж-а иш­теп чыгуучу тармагы. Катуу отундарды иш­тетүүдө К. х-ндагы пиролиз – жогорку темп-рада жүргүзүлүүчү татаал гетерогендүү процесс. Көмүр­дү акырындык м-н 1000°Сге чейин ысытканда, анын макромолекуласынын ажырашы аркылуу көмүртек м-н байыган катуу фаза (кокс), угле­водороддордун буусу ж-а газы пайда болот. Ал процесс негизинен үч баскычтан турат: көмүр шихтасын даярдоо; кокстоо, газ-буу аралашма­сын, коксту бөлүп алуу; газ-буу аралашмасын кайра иштетүү. Акыркы баскыч ирети м-н жүр­гүзүлүүчү төмөнкү процесстерди камтыйт: а) буу­газ аралашмасын муздатуу м-н конденсатка айлантуу, чайырды ж-а чайырдуу сууну бөлүү; б) аммиакты кармап калуу; в) ароматтык угле­водороддорду сиңиртүү ж-а аларды ажыратуу; г) ароматтык углеводороддорду өтө муздатуу м-н фракцияларга бөлүү; д) таза углеводород­дорду алуу үчүн чайырды кайра иштетүү. 1 т көмүрдөн орт. 700–750 кг кокс, 30–35 кг чайыр, 120–150 кг (300–320 м3) газ, 10–11 кг чийки бен­зол алынат. Процесстин жүрүшүнө, заттардын аз же көп алынышына баштапкы чийки зат­тардын курамы, көмүрдүн майдалануу деңгээ­ли, тыгыздыгы, кокстоонун ылдамдыгы ж-а темп-ра таасир этет. Өндүрүлүп жаткан көмүрдүн 25%ке чейинкиси кокс заттарын өндүрүүгө жум­шалат.