КОКС ХИМИЯСЫ
КОКС ХИМИЯСЫ – химиянын табигый отундардан хим. заттарды, металлургияга керек болуучу коксту өндүрүү ишин изилдөөчү ж-а иштеп чыгуучу тармагы. Катуу отундарды иштетүүдө К. х-ндагы пиролиз – жогорку темп-рада жүргүзүлүүчү татаал гетерогендүү процесс. Көмүрдү акырындык м-н 1000°Сге чейин ысытканда, анын макромолекуласынын ажырашы аркылуу көмүртек м-н байыган катуу фаза (кокс), углеводороддордун буусу ж-а газы пайда болот. Ал процесс негизинен үч баскычтан турат: көмүр шихтасын даярдоо; кокстоо, газ-буу аралашмасын, коксту бөлүп алуу; газ-буу аралашмасын кайра иштетүү. Акыркы баскыч ирети м-н жүргүзүлүүчү төмөнкү процесстерди камтыйт: а) буугаз аралашмасын муздатуу м-н конденсатка айлантуу, чайырды ж-а чайырдуу сууну бөлүү; б) аммиакты кармап калуу; в) ароматтык углеводороддорду сиңиртүү ж-а аларды ажыратуу; г) ароматтык углеводороддорду өтө муздатуу м-н фракцияларга бөлүү; д) таза углеводороддорду алуу үчүн чайырды кайра иштетүү. 1 т көмүрдөн орт. 700–750 кг кокс, 30–35 кг чайыр, 120–150 кг (300–320 м3) газ, 10–11 кг чийки бензол алынат. Процесстин жүрүшүнө, заттардын аз же көп алынышына баштапкы чийки заттардын курамы, көмүрдүн майдалануу деңгээли, тыгыздыгы, кокстоонун ылдамдыгы ж-а темп-ра таасир этет. Өндүрүлүп жаткан көмүрдүн 25%ке чейинкиси кокс заттарын өндүрүүгө жумшалат.