КОКОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́КОН , п и л л а – көптөгөн курт-кумурска­лардын куурчакчасынын коргонуу түзүлүшү. К. личинка куурчакчага айлануунун алдында бөлүп чыгарган жибек жиптен чиеленип куру­лат. Көптөгөн көпөлөктөр, о. эле кээ бир кумурс­калар К. пайда кылат. көптөгөн коңуздардын личинкалары (мис., узун тумшуктар) куурчак­чага айланарда өзү бөлүп чыгарган шилекейден К. курат. Сөөлжандар, сүлүк курттар, жөргө­мүштөр, кээ бир моллюскалар жумуртка К-ун (пилласы) пайда кылып, анын ичинде жумурт­ка өөрчүйт.