КОЙ ТИКЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ ТИКЕН (Acanthophyllum) – өсүмдүктөрдүн чеге гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал, кээси көп жылдык чөп, жалбырагы тикендей, шибе­гедей учтуу, сабагына тушташ жайгашкан. Гүлү майда, желекчеси 5, аталыгы 10, энелиги 1. Топ гүлү – калканчадай же шыпыргыдай. Мөмөсү – кутуча. Түркмөнстанда ж-а Батыш Памирде без­дүү К. т. кездешет. Кырг-нда 5 түрү өсөт. Тамы­рындагы сапонин тамак-аш ж-а жеңил ө. ж-нда жуугуч каражат катары пайдаланылат. Кырг-н­да өскөн кадимки ж-а шыпыргыдай К. т. – көп жылдык камгак чөп. Шыпыргыдай К. т. сапо­ниндүү, тамырынан самын алынат. Көп түрү – балдуу өсүмдүктөр.