КОЙ ТАШТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ ТАШТАР – жылмаланган, жумуру таш­тар (тоо тек бөлүкчөлөрү). Узун-туурасы 10 смден 1–2 мге жетет. Суу агызып, муз шилеп, үстүнкү беттери сүрүлөт, жылмаланат, жумуру, сүйрү, жалпак, тоголок түспөлгө өтөт. Айрымдарынын чоңдугу 10 мге жетет. Алар төө таштар деп ата­лат. Аллювий ж-а мөңгү чөгүндүлөрүндө кезде­шет. Курулушка пайдаланылат.