КОЙ ТАШТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ ТАШТАР – жылмаланган, жумуру таш­тар (тоо тек бөлүкчөлөрү). Узун-туурасы 10 смден 1–2 мге жетет. Суу агызып, муз шилеп, үстүнкү беттери сүрүлөт, жылмаланат, жумуру, сүйрү, жалпак, тоголок түспөлгө өтөт. Айрымдарынын чоңдугу 10 мге жетет. Алар төө таштар деп ата­лат. Аллювий жана мөңгү чөгүндүлөрүндө кезде­шет. Курулушка пайдаланылат.