КОЙ-САРЫ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ-САРЫ ШААР КАЛДЫГЫ – 6–15-к-га таан­дык археол. эстелик. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Кой-Сары айылынын түштүгүндөгү тектирчеде жайгашкан. Шаар түн. тарабынан Ысык-Көл м-н чектешип, түштүгүнөн коргонуу жалдары м-н бекемделген. Алгач 1869-ж. изилденген. Ка­зуу убагында бир топ курулуш (бышкан кыш­тан да жасалган) калдыктары, суу өткөрүүчү чопо түтүктөр, карапа идиштер, металл, таш, айнек буюмдар алынган. 1926-ж. шаар аймагы­нан байыркы түрк ж-а араб тамгалары жазыл­ган таш да табылган.