«КОЗУ КӨРПӨШ-БАЯН СУЛУУ»
«КОЗУ КӨРПӨШ-БАЯН СУЛУУ» – казак элинин лирика-эпикалык дастаны. Анын бир варианты 1812-ж. башкыр тилинде чыккан. Казактарда поэманын 16дан ашуун варианты бар. Дастан 19-к-да Жөжө ж-а Жанак деген казак ырчыларынын айтуусунда эл арасына тараган. 19-к-дын 2-жарымында академик В. В. Радлов жазып алып (1870), немис ж-а орус тилдеринде бастырган. Ал анын көп томдуу эмгектеринин 3-томунда орун алган. Кийинчерээк Петербург ун-тинин проф. И. Н. Березин жазып алып (1876), «Түрк хрестоматиясы» деген эмгегинде жарыялаган. Эпосто 90 миң жылкылуу Карабай 83 жашка келгенде, Баян аттуу кыздуу болгону айтылат. Ал Сарыбай м-н бел куда болот,
бирок ал өлгөндөн кийин Карабай кызын жетим балага бергиси келбей, башка жакка көчүп жөнөйт. Жолдо Бетпак талаага туш келип, малжаны кырыла турган болгондо Кодар аттуу сыйкырчы жигит кудук казып, суу чыгарып, Карабайды кырсыктан сактап калат. Ал ыраазычылыгын билдирип, Баянды ага бермекчи болот. Козу Көрпөш Баянды издеп келип, Кодардын колунан каза табат. Поэма татар, алтай, ногой, кыргыз элдеринде да айтылат. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт варианты (Б. Алыкулов айткан варианттан тараган деп эсептелет) сакталып турат.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002.