«КОЗУ КӨРПӨШ-БАЯН СУЛУУ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КОЗУ КӨРПӨШ-БАЯН СУЛУУ» – казак эли­нин лирика-эпикалык дастаны. Анын бир ва­рианты 1812-жылы башкыр тилинде чыккан. Ка­зактарда поэманын 16дан ашуун варианты бар. Дастан 19-кылымда Жөжө жана Жанак деген казак ырчыларынын айтуусунда эл арасына тараган. 19-кылымдын 2-жарымында академик В. В. Радлов жазып алып (1870), немис жана орус тилдеринде бастырган. Ал анын көп томдуу эмгектеринин 3-томунда орун алган. Кийинчерээк Петербург университетинин профессору И. Н. Березин жазып алып (1876), «Түрк хрестоматиясы» деген эмгегинде жарыялаган. Эпосто 90 миң жылкылуу Кара­бай 83 жашка келгенде, Баян аттуу кыздуу бол­гону айтылат. Ал Сарыбай менен бел куда болот, бирок ал өлгөндөн кийин Карабай кызын же­тим балага бергиси келбей, башка жакка көчүп жөнөйт. Жолдо Бетпак талаага туш келип, мал-­жаны кырыла турган болгондо Кодар аттуу сыйкырчы жигит кудук казып, суу чыгарып, Карабайды кырсыктан сактап калат. Ал ыраа­зычылыгын билдирип, Баянды ага бермекчи болот. Козу Көрпөш Баянды издеп келип, Ко­дардын колунан каза табат. Поэма татар, ал­тай, ногой, кыргыз элдеринде да айтылат. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт варианты (Б. Алыкулов айткан вариант­тан тараган деп эсептелет) сакталып турат.


Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002.