КОЖО-БАКЫРГАН-САЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖО-БАКЫРГАН-САЙ – байыркы таш доо­рундагы адамдардын тургун жайы, журту. Ка­дамжай р-нундагы Кайрагач кыш-на жакын жерде, Кожо-Бакырган-Сай суусунун сол өйү­зүндө жайгашкан. Бул журттан төмөнкү палео­лит дооруна таандык сүйрүрөөк, бир жагы бир нече жеринен одоно чегилген эмгек куралы – чоппер табылган. О. Азияда адам жашаган эң байыркы жерлердин бири болуп эсептелет. 1954-ж. археолог А. П. Окладников изилдеген.