КОЖО-БАКЫРГАН-САЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЖО-БАКЫРГАН-САЙ – байыркы таш доорундагы адамдардын тургун жайы, журту. Кадамжай р-нундагы Кайрагач кыш-на жакын жерде, Кожо-Бакырган-Сай суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Бул журттан төмөнкү палеолит дооруна таандык сүйрүрөөк, бир жагы бир нече жеринен одоно чегилген эмгек куралы – чоппер табылган. О. Азияда адам жашаган эң байыркы жерлердин бири болуп эсептелет. 1954-ж. археолог А. П. Окладников изилдеген.