КОЖО-АШКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖО-АШКАН – Баткен р-нундагы суу, Сох­тун оң куймасы. Уз. 57 км, алабынын аянты 1060 км2. Жылуу-Суу ж-а Гөөмүш сууларынын кошулушунан пайда болуп, түш.-батышты ка­рай агат. Гөөмүш Курук-Сай тоосунан, Жылуу- Суу Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3200 м. Жогорку бөлүгү кууш кап­чыгай аркылуу агат. Өзөнүндө шаркыратма ж-а босоголор кездешет. Негизинен кар (65%), мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 4,56 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь– июлда, азы мартта байкалат. Май айында ки­рип, ноябрда тартылат. 15 куймасы бар, ириле­ри: Тилбе (14 км), Арча-Башы (18 км), Жылуу- Суу ж. б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ко­жо-Ашкан, Шудман, Зардалы кыш. жайгашкан.