КОЖО-АШКАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЖО-АШКАН – Баткен р-нундагы суу, Сохтун оң куймасы. Уз. 57 км, алабынын аянты 1060 км2. Жылуу-Суу ж-а Гөөмүш сууларынын кошулушунан пайда болуп, түш.-батышты карай агат. Гөөмүш Курук-Сай тоосунан, Жылуу- Суу Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3200 м. Жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу агат. Өзөнүндө шаркыратма ж-а босоголор кездешет. Негизинен кар (65%), мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 4,56 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь– июлда, азы мартта байкалат. Май айында кирип, ноябрда тартылат. 15 куймасы бар, ирилери: Тилбе (14 км), Арча-Башы (18 км), Жылуу- Суу ж. б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кожо-Ашкан, Шудман, Зардалы кыш. жайгашкан.