КОДДОГУЧ
КОДДОГУЧ – кабар берүүдө белгилүү коддорго дал келгендей кылып кайра өзгөртүп түзүүчү түзүлмө. Коддолуучу кабар коддолгонунан К-тун физ. табияты ж-а кайра өзгөртүп түзүүчү чоңдуктардын мүнөздөлүшү м-н айырмаланат. Ошондуктан К. шарт б-ча 2 функциялык блокту камтыйт. Биринчиси (эгер зарыл болсо) үзгүлтүксүз сигналдарды дискреттүү ж-а бир түргө өткөрөт (мис., салыштыруу методу). Экинчи блок түздөнтүз коддоо м-н өзүнө, байланыш түйүндөрүндө кандайдыр бир белгилүү кодго дал келген сызыктуу эмес элементтери бар матрицалык схеманы камтыйт.