КОДДОГУЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОДДОГУЧ – кабар берүүдө белгилүү коддорго дал келгендей кылып кайра өзгөртүп түзүүчү түзүлмө. Коддолуучу кабар коддолгонунан коддогучтун физикалык табияты ж-а кайра өзгөртүп түзүүчү чоңдук­тардын мүнөздөлүшү м-н айырмаланат. Ошон­дуктан коддогуч шарт боюнча 2 функциялык блокту кам­тыйт. Биринчиси (эгер зарыл болсо) үзгүлтүксүз сигналдарды дискреттүү ж-а бир түргө өткөрөт (мисалы, салыштыруу методу). Экинчи блок түздөн­түз коддоо м-н өзүнө, байланыш түйүндөрүндө кандайдыр бир белгилүү кодго дал келген сы­зыктуу эмес элементтери бар матрицалык схе­маны камтыйт.